Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 254

 

 

                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

                    МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-мартындагы

   "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тамак-аш азыктарын

      чыңдоо боюнча Улуттук кеңеш (альянс) жөнүндө" Жарлыгына

                   өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

     Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылам:

 

     1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-мартындагы

№ 85 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тамак-аш азыктарын

чыңдоо боюнча Улуттук кеңеш (альянс)  жөнүндө"  Жарлыгына  төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

     - аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз  Республикасынын Прези-

дентине караштуу тамак-аш  азыктарын  чыңдоо боюнча  Улуттук кеңештин

(альянстын) курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баян-

далсын;

     - 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

     - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген  Кыргыз Республикасы-

нын Президентине  караштуу  тамак-аш азыктарын  чыңдоо боюнча Улуттук

кеңеш (альянс) жөнүндө Жобонун "Улуттук кеңештин курамы, иштөө регла-

менти жана түзүмү"  деген  III бөлүктүн  11-пункту төмөнкү редакцияда

баяндалсын:

     "11. Улуттук кеңештин иши анын жумушчу  орган - белгиленген тар-

типте Улуттук кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-

министри тарабынан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан камсыз кылынат.

     Улуттук кеңештин аткаруучу катчысы Улутту кеңештин жумушчу орга-

нынын жетекчиси болуп саналат.".

 

     2. Кыргыз Республикасынын  Президентине  караштуу тамак-аш азык-

тарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңештин (альянс):

     - бир  айлык  мөөнөттө  Улуттук  кеңештин  (альянстын) алдындагы

жумушчу топтун жаңы курамын бекитсин;

     - Улуттук кеңештин (альянстын) туруктуу жыйналыштарын уюштурууну

жана өткөрүүнү камсыз кылсын.

 

     3. Бул Жарлыктын аткарылышына  контролдук кылуу  милдети  Кыргыз

Республикасынын  Президентинин   Администрациясынын  Жетекчисине жүк-

төлсүн.

 

     4. Кыргыз Республикасынын  Президентинин  Администрациясынын Же-

текчиси өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

 

     5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу                                  К.Бакиев