Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 1
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун жана 2019-2020-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Эрматованын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Курманбек айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлумүнун башчысы Э.Эрматованын билдирүүсү эске алынып, 2018-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык турлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 7293,8 мин сомго, атайын каражаттардын суммасы 2209,9 мин сомго, тендоо гранты 4876,6 мин сомго, жалпы 14 380,3 мин сомго № 1-тиркемеге ылайык ал эми, бюджеттин чыгашалары 14380,3 мин сомго № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2019-жылга 7688,9 мин сомго, 2020-жылга 8128,9 мин сомго жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин божомолу бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-мартындагы № 87-токтомуна ылайык электроэнергияга бөлүнгөн 339,7 мин кВт лимита бюджеттик мекеме уюмдар боюнча № 3- тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана көзөмөл жүргүзсүн.
4. Айыл өкмөтүндө 2 бала бакча жана кичи футболдук аянтча ачылгандыгына ййланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-мартындагы № 87-токтомуна ылайык электроэнергияга бөлүнгөн лимит жетишпегендиктен жергиликтүү бюджеттен кошумча 415,8 мин сом акча каражаты бөлүнсүн жана Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинен электроэнергиясына жетишпеген кВт лимит бөлдүрүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. 2018-жылга Курманбек айыл өкмөтүнө жеткирилген 4876,6 мин сом тендөө гранты биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы жана анын социалдык фондко болгон чегерүүсүнө, коммуналдык чыгымдарга) каржылоого № 4-тиркемеге ылайык багытталсын.
6. Жоон-Күнгөй айылындагы «Мээрим» балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 588,0 мин сомго бекитилсин жана анын чыгымдары № 5-тиркемеге ылайык казыналык система аркылуу жумшоосу белгиленсин.
7. Мектептерди 2018-2019-окуу жылына кышка отун жана көмүр менен камсыз кылуу үчүн 470,0 мин сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүүсү № 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 115,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2019-жылдын 1-январына карата 336,6 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
10. Айыл өкмөтүнө атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 % республикалык бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы № 403- токтомунун негизинде Курманбек айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 26 штат бирдиги кармалсын, айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 1-мартындагы № 131 жана 2017-жылдын 7-августундагы № 466-токтомдун негизинде 4712,6 мин сом эмгек акы фонду менен № 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 66-токтомдун негизинде маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 7 штат бирдиги кармалсын жана айлык акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16-токтомунун негизинде № 8-тиркемеге ылайык 481,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы №75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ишин баалоону эске алуу менен сыйакы төлөөгө эмгек акы фондунан 311,3 мин сом, анын социалдык фондко чегерүүсүнө 53,7 мин сом олчомундо акча каражаты каралсын.
14. Кыргыз Республикасынын кмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы №75 Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин материалдык жактан колдоо максатында социалдык-тиричилик маселелерин чечуу учун (кесиптик майрамдарга карата жана кышка даярдык көмүр-отун менен камсыз кылууга] эмгек акы фондунан 311,3 мин сом, анын социалдык фондко чегерүүсүнө 53,7 мин сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын.
15. Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн социалдык фондко болгон төлөмдөрдү ижарачылар өздөрү төлөөлөрү белгиленсин.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндөгү" мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине ылайык жайыт пайдалануучулардан жыйналуучу 702,0 мин сом өлчөмүндөгү акча каражатынын 622,9 мин сому жайыт ижарасына 79,1 мин сому жер салыгына № 9-тиркемеге ылайык төлөнсүн жана жайыт комитетине 468,0 мин сом өлчөмүндө акча каражаты келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
17. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин жана айыл өкмөтүнүн айылдары чачыранды жайгашкандыгын эске алып, айыл өкмөт башчысынын орун басарына өзүнүн жеке менчик автоунаасын айыл өкмөтүнүн жумуштарына пайдалангандыгы учун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-сентябрь 2006-жылдагы № 672-токтомунун негизинде күйүүчү май учун 40,0 мин сом өлчөмундө компенсация төлөп берүү № 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнун чыгымдары 2215, 2221, 2222, 3111 беренелерине жалпысы 740,0 мин сом өлчөмүндө № 11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 2212, 2222, 3111, 3112 беренелерине жалпысы 429,1 мин сом өлчөмундө № 12-тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. Башкаруу бөлүмүнун чыгымдары 2212, 2215, 2222, 3111, 3112 беренелерине жалпысы 2670,7 мин сом өлчөмүндө № 13-тиркемеге ылайык бекитилсин.
21. Маданият бөлүмүнүн чыгымдары 2215, 2222, 3112 беренелерине жалпысы 201,5 мин сом өлчөмүндө № 14-тиркемеге ылайык бекитилсин.
22. HELVETAS Sviss Intercooperation (ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн) Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы менен Курманбек айыл өкмөтүнүн ортосунда «Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлордө жакшыртуу» Долбоорун ишке ашыруунун алкагында 19.06.2017-жылы тузулгон №14-PSI-F сандуу алкактык макулдашуунун негизинде «Жоон-Күнгөй айылынын тургундарын ичуучу таза суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу» долбоорун каржылоого гранттык жардам иретинде берилүүчү акча каражатынын эсебинен Курманбек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарынын кирешелери 1621,9 мин сомго көбөйтүлсүн жана чыгашалары №14-PSI-F сандуу алкактык макулдашуунун негизинде «Жоон-Күнгой айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу» долбоорун каржылоого багытталсын. Жеткирилген планды көбөйтүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
23. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын терагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |