Редакцияот 25.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы

 

2017-жылдын 25-июлу № 11/3

Авлетим айыл аймагынын Авлетим айылындагы Чыгыш-Жол-2 көчөсүндөгү турак жайларды иреттештирүү жөнүндө

 

Авлетим айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-июлундагы чыгыш № 156 сандуу катынын негизинде,айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык,сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Авлетим айыл аймагынын Авлетим айылындагы Чыгыш-Жол-2 көчөсүндөгү турак жайларды иретке келтируу боюнча айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-июлундагы чыгыш № 156 сандуу сунушу жактырылсын.

2. Жактырылган сунушка ылайык «Чыгыш-Жол-2» деген көрнөктү жана үйлөргө номерлерди илүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарынын маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобонун 25-пунктуна ылайыкдиешелүү өзгөртүү боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.

5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жонөтүлсүн.

6. Токтом www.avletim.aksy.kfi сайтына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов К.9.) жуктолсун.

 

Төрага

А. Шырдаков