Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 4/6
«Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесине ылайык Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылынын тургундарынын сунушуна жана укук мыйзам жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна (Протокол № 3 12.09.2017-жыл) ылайык Авлетим айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылын аралап өткөн борбордук көчөнүн Жаңгактуу-Булак айылынын чегиндеги бөлүгүнө Орозбай уулу Эшбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Көрнөктөрдүн формасын жана өлчөмдөрүн аныктап берүү, алардын туура жайгашуусуна жана жазылуусуна көзөмөлдүк кылуу Авлетим өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Авлетим айыл өкмөтү менен макулдашылган «Орозбай уулу Эшбай атындагы көчө деген» көрнөктү жана үйлөргө номерлерди илүү Эшбайдын неберелерине сунуш кылынсын.
4. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарын, маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген. «Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом www.avletim.aksy.kg сайтына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
Төрага | А. Шырдаков |