АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2017-жылдын 22-сентябры № 4/7
«Авлетим айылындагы Чыгыш-Жол участкасындагы Итагар дарыясынын жээгиндеги көчөгө маркум Жапаркулов Мамытбектин ысымын берүү жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесине ылайык Авлетим айыл аймагынын Авлетим айылынын тургундарынын сунушуна жана укук мыйзам жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна (Протокол №3 12.09.2017-жыл) ылайык Авлетим айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айьгл аймагынын Авлетим айылына караштуу Чыгыш-Жол участкасындагы Итагар дарыясынын жээгиндеги көчөгө маркум Жапаркулов Мамытбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Көрнөктөрдүн формасын жана өлчөмдөрүн аныктап берүү, алардын туура жайгашуусуна жана жазылуусуна көзөмөлдүк кылуу Авлетим өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Авлетим айыл өкмөтү менен макулдашылган «Жапаркулов Мамытбек атындагы көчө деген» көрнөктү жана үйлөргө номерлерди илүү Мамытбектин уул-кыздарына сунуш кылынсын.
4. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарын, маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген. «Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом www.avletim.aksy.kg сайтына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Шабданов К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |