Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-марты №10-7
Бел айыл аймагынын Борбаш айылынын жашоочуларынын 2018-жылдын 2-мартындагы№1-протоколун бекитүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын Борбаш айылындагы мадният үйүнө ат коюу жөнүндөгү Бел айыл аймагынын Борбаш айылынын жашоочуларынын 2018-жылдын 2-мартындагы жалпы чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрынданы “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары” жөнүндөгү 67-Мыйзамынын 7-беренесинин ,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген” Кыргыз Республикасынын географиялык обьекттерди атоо,алардын аталыштарын өзгөртүү , алардын эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү “ Жобонун 6-пунктуна ылайык Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын ) кезектеги 10-сесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагынын Борбаш айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндөгү Борбаш айылынын жашоочуларынын 2018-жылдын 2-мартындагы жалпы чогулушунун №1протоколу бекитилсин .
2. Маданият,үйүнө көрөнөктөрдү жаздырып илдирүү , тартипке келтирүү иштерине демөөрчүлүк кылуу маданият үйүнүн башчысы Алымкулов Абдикарим Зулумовичке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиянына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Ж. Сулайманов |
Бел айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш, Бел айылдарынын тургундарынын жалпы жамааттык чогулушунун протоколу.
Бел а/о Борбаш айылы 2-март 2018-жыл
Чогулушка катышкандар: 63
Чогулушка катышкандар.
Чогулуштун башчысы: Ураимов М.
Чогулуштун катчысы: Жолдошова М.
Борбаш айылындагы Маданият үйүнө ат коюу.
Угулду: Жогорудагы маселе боюнча айыл башчы М.Ураимов төмөнкүлөргө токтолду.
Урматтуу жыйындын катышуучулары биздин чогулушубуздун себеби айылыбызда жайгашкан маданият үйүнө ат коюп алуу боюнча. Ушул маселе боюнча кимде кандай сунуш ой-пикирлер болсо айтсаңыздар. Бир пикирге келип жакшы ортолук атты коюп алсак.
Жарыш сөзгө чыккан айыл аксакалы Миңбаев Абдырахман мен бул маданият үйүнүн атын улуу комузчу, композитор, төкмө акын кыргыз элине таанымал Токтогул Сатылгановдун ысымын ыйгарсак деймин. Себеби ал инсан кыргыз элинин маданиятына, өсүп-өнүгүүсүнө салымы чоң инсан болгон. Айылдык кеңештин депутаты Сулайманов Шарабидин сөзгө чыгып өз оюн төмөнкүдөй билдирди. Урматтуу калайык калк мындай улуу инсандардын аттары биздин Кыргызстандын көп жерлеринде коюлган. Биз ушул жалпы элибиздин биримдигин келечегин ойлоп, маданият үйүндө ар кандай маданий иш чараларды өткөрүү менен мындан кийин элибиз ынтымактуу, достукта жашасын деп аты Достук деп аталсын деген оюн билдирди.
Андан кийин сөзгө чыккан айылдын аксакал депутаты Махмудов Аширбай, Маданияттын мыктысы Таштемирова Диларам, А/о маданият кызматкери Алымкулов Абдикарим жогорудагы Достук болсун деген атты колдоорун билдиришти.
Жогорудагы чыгып сүйлөгөндөрдүн ой-пикир, сунуштарын эске алып жалпы жамааттык чогулуш
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылындагы маданият үйүнө “Достук” деген ат берилсин.
2. Ушул чечимди бекитип берүү жагы Бел айылдык кеңешинин депутаттарынан суралсын.
Чогулуштун башчысы: М.Ураимов
Чогулуштун катчысы: М.Жолдошова