Редакцияот 13.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2018 -жылдын 13 -апрели № 132/20-4

«Токмок ш. негизги жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

Кадрдык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы №12/4-4 токтому менен бекитилген «Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө» Жобонун жана ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 22-мартындагы отурумунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 29.08.2016-ж. №20/6-4 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- негизги жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамынан Токмок ш. ММБнын мурунку башкаруучусу Кошоев Н.Н. чыгарылсын;

- комиссиянын курамына Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. Эшимов А.Д. киргизилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А.Солтобаев