Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15- октябры № 7
“Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Катта –Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγнѳн мектеп,балдар бакчасы, ФАП, мечит жана башка социалдык объектилерди куруу γчγн 1.50 га жер аянтын ажыратып берγγ жѳнγндѳгγ Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн 2018-жылдын 12-октябрындагы № 112 токтомун бекитγγ жѳнγндѳ”
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Катта –Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγндѳ жаңы калктуу конуш уюштурулуп, азыркы мезгилде Кγнгѳй бѳлγмγндѳгγ жаңы калктуу конуштагы кожолуктардын саны 650, элдин саны 3510 гѳ жеткен. Бирок, бул аймакта мектеп, балдар бакчасы, ФАП, мечит жана башка социалдык объектилер жок экендигине байланыштуу айыл тургундарына социалдык шарт тγзγп берγγ максатындагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Катта –Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγнѳ мектеп, балдар бакчасы, ФАП, мечит жана башка социалдык объектилер куруу γчγн 1.50 га жер аянтын ажыратып берγγ жѳнγндѳгγ Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн 2018-жылдын 12- октябрындагы №112 карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 25- декабрындагы № 707 токтомунун, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 13-32 жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 43- статьясын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Катта –Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγнѳ мектеп,балдар бакчасы, ФАП, мечит жана башка социалдык объектилер куруу γчγн 1.50 га жер аянтын ажыратып берγγ жѳнγндѳгγ Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн 2018-жылдын 12-октябрындагы № 112 токтому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2 Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан ушул токтомдун негизинде керектелγγчγ жерге байланышту юридикалык иш кагаздарын даярдап берγγ жагы суралсын.
3 Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан керектелγγчγ архитектуралык иш кагаздарын даярдап берγγ жагы суралсын.
4 Ушул токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |