Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры № 04
“Доскана айылынын көчөсүнө Женалиев Мундуздун атын коюу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Доскана айылынын тургундарынын 2018-жылдын 22-августында өткөрүлгөн чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVI- сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Доскана айылынын көчөсүнө Женалиев Мундуздун аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү үйлөрдүн нумерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Женалиевдердин үй- бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.
3.Женалиев Мундуздун атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |