Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 10
Акназаров айылдык Кеңешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2017-жылдын 30-октябрындагы кезексиз 9- сессиясы аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин,долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары-Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом райондук “Айыл жарчысы” гезитинде жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
3 .Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн башкы адиси С.Исмаиловго жана Мониторинг тобунун төрайымы С. Шабдановага жүктөлсүн.
Төрага | Р. Рысматов |
Акназаров айылдык аймагынын
30- октябрь 2017-ж.
№10 токтомуна
№1 тиркеме
Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна
Мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо акча каражаттарын пайдаланууга жана айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоого мониторинг өткөрүү боюнча Мониторинг тобунун иш-аракеттеринин ырааттуулугун аныктайт.
1.2. Мониторинг Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун акча каражаттарынын эсебинен каржыланган инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун учурдагы практикасын талдоо куралы болуп саналат.
1.3. Мониторинг объективдүүлүк, ачыктык, айкындык принциптерине негизделет.
1.4. Долбоордун мониторинги катары планды, долбоорду ишке ашыруу көрсөткүчтөрүн ченөөнү, ошондой эле долбоордун аткарылышы тууралуу маалыматты берүүнү, таркатууну эске алуу менен, долбоордун ишке ашышы тууралуу маалыматтарды топтоо процесси түшүнүлөт.
1.5. Айыл өкмөттө түзүлгөн Мониторинг тобу мониторинг өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
1.6. Мониторинг тобунун курамына айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөттүн, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кире алышат.
1.7. Мониторинг тобунун мүчөлөрү Өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кайсы бир долбоорго карата жеке кызыкчылыгы болгон учурда, алар мониторинг өткөрүүгө катышуудан, ошондой эле тиешелүү маселени талкуулоодон жана аны карап, чечим кабыл алуу учурунда добуш берүүдөн баш тартышы керек.
1.8. Айыл өкмөт Аймактарды өнүктүрүү фондунун акча каражатынын эсебинен каржыланган долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жасоо жана баалоо жол-жобосун камсыз кылат.
2. Мониторингдин максаты жана милдеттери
2.1. Мониторингди өткөрүүнүн максаты төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берген механизмди түзүү болуп саналат:
1) долбоорду ишке ашыруунун бүтүндөй процессин карап көзөмөлдөө, долбоордук иш-чараларды, ошондой эле инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун акыркы натыйжаларынын сапатын жана омоктуулугун мүнөздөгөн параметрлерди баалоо жана талдоо;
2) инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди аныктоо, ошондой эле каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактабаган фактыларды жана эреже бузууларды ачуу, аларды четтетүү боюнча чараларды көрүү;
3) көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна көзөмөлдүк кылуу.
2.2. Мониторингдин милдеттери:
1) долбоордун алкагында инфраструктуралык жана социалдык жактан маанилүү иш-чараларды ишке ашыруу натыйжаларынын омоктуулугу көз карашынан долбоорлорду аткарууну баалоо;
2) долбоордук ишмердиктин натыйжаларынын сапаттык деңгээлин баалоо, буга долбоордун максаттык топторунун – бенефициарларынын канааттануу деңгээлин баалоо да кирет;
3) долбоордук милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн ички жана тышкы ресурстарды бириктирүү (мобилизациялоо) боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) долбоорду сапаттуу ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
5) мыкты практикаларды элге таанытуу жана башка өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине жайылтуу максатында долбоорлорду ишке ашыруунун практикалык тажрыйбасын аныктоо жана иликтеп үйрөнүү.
3. Мониторингдин объектилери
3.1. Мониторингдин объектилери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Айылдык аймактагы Аймактарды өнүктүрүү фондунун акча каражаттарынын эсебинен каржыланган инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу процесстери;
- Каржы жана материалдык ресурстарды максаттуу пайдаланууну сактоо жана анын бекитилген пландарга шайкеш келүү тартиби;
- Инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда мыйзамдарда аныкталган эрежелерди, талаптарды жана жол-жоболорду сактоо;
- Инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча айыл өкмөттүн кызматкерлеринин жана өнөктөштөрүнүн ишмердиги.
3.2. Мониторингге төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
- долбоордун айрым да, жалпы да милдеттери/иш-чаралары;
- акча каражаттарынын транш менен да, жалпысынан да колдонулушу;
- мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү процесси;
- долбоордук милдеттерди ишке ашыруу үчүн ички жана/же тышкы ресурстарды тартуу жана пайдалануу процесси.
4. Мониторингдин предмети
4.1. Долбоорду ишке ашырууга карата мониторинг төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:
- айыл өкмөттүн жана долбоордун командасынын ишмердигинин Өнүктүрүү фонддору тарабынан аныкталган эрежелерге жана жол-жоболорго туура келиши;
- каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактоо жана анын бекитилген пландарга шайкеш келиши;
- долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо;
- аткарылган иштердин жана түзүлгөн объектилердин сапаты.
- бюджеттик мыйзамдардын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
4.2. Көрсөткүчтөр долбоордун конкреттүү милдетин/иш-чарасын жана аткарылуучу иш-чараны мүнөздөгөн индикаторлордун топтому катарында ачылып берилет.
4.3. Сапаттык жана жеткиликтүүлүк индикатору – сапаттык же сандык мүнөздөмө, ал ченелиши, текшерилиши жана сандык же логикалык (маселен, «ооба/жок», «бар/жок») көрсөткүчкө же канааттануу деңгээлине (маселен, кызматты алуучулардын пайыздык катышы, долбоордук ишмердиктин натыйжаларына канааттангандар, максаттуу топтун жалпы саны) ээ болушу мүмкүн.
4.4. Долбоордук ишмердиктин натыйжаларынын сапатынын көрсөткүчтөрү жалпы – бүтүндөй жергиликтүү коомчулукка мүнөздүү жана атайын (кошумча) – тиешелүү максаттык топко мүнөздүү көрсөткүчтөр болуп бөлүнөт.
4.5. Мониторинг өткөрүүдө изилденүүчү долбоордук ишмердиктин натыйжаларынын аралык жана жыйынтыктоочу сапаттарынын параметрлери долбоордун өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат. Мониторингди өткөрүүнүн максаттарына жана милдеттерине жараша көрсөткүчтөргө жана индикаторлорго түзөтүү киргизүүгө болот.
5. Мониторинг тобунун ыйгарым укуктары
5.1. Мониторинг тобу ыйгарым укуктуу орган катары мониторинг өткөрүү үчүн:
- Мониторингди өткөрүү планын иштеп чыгат жана аны айыл өкмөт башчысынын бекитүүсүнө берет;
- өз отурумунда инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун индикаторлорун жана аткарылган иштердин, түзүлгөн объектилердин сапаттык көрсөткүчтөр системасын түзөт жана бекитет;
- мониторингди өткөрүү мөөнөттөрүн аныктайт;
- мониторингди уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суратып алат, талдоо аркылуу бул маалыматтарды текшерет жана иштеп чыгат;
- мониторингдик ишмердиктин натыйжалары тууралуу баяндаманы такай берип турат;
- инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу процесстерин өркүндөтүүгө багытталган чараларды аткаруу тууралуу сунуштарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берет;
- ушул Жобонун талаптарына ылайык башка да ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
- мониторингдин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн Мониторинг тобунун мүчөлөрү Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун маалыматтарын жана документтерин эркин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
6. Мониторингди өткөрүү баскычтары
6.1. Мониторинг:
1) дайыма – айыл өкмөт башчысы бекиткен Мониторинг планына ылайык;
2) зарылчылыгына жараша (бир жолку мониторинг) – тиешелүү кызматтарды көрсөтүүгө карата ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактабоо тууралуу жарандардын даттануусу, маалыматтар болгондо өткөрүлүшү мүмкүн.
6.2. Дайыма жана бир жолку мониторингди өткөрүү мөөнөттөрүн жана тартибин айыл өкмөт башчысы аныктайт.
6.3. Акча каражаттарын пайдалануу жана айылдык аймактагы долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо мониторингин өткөрүү боюнча план айыл өкмөткө караштуу Мониторинг тобу тарабынан иштелип чыгат жана айыл өкмөт башчысы тарабынан бекитилет.
7. Мониторингди өткөрүү усулдары
7.1. Мониторинг тобу мониторингдин төмөнкү түрлөрүн өткөрөт:
а) долбоорду ишке ашыруу процессин мүнөздөгөн документтерди талдоо:
- каржылык жол-жоболордун мыйзамдардын талаптарына шайкеш келүүсү;
- тиешелүү макулдашуулардын/келишимдердин болушу;
- грант алуучунун отчетторду өз учурунда жана толук бериши.
б) долбоордун максаттык тобу болуп саналган жарандардан жана уюмдардын өкүлдөрүнөн сурамжылоо алуу:
- долбоордун акыркы натыйжасына ээ боло турган бенефициар менен жекече оозеки интервью;
- телефон менен интервью;
- билдирме берүүчүлөрдөн формалдашкан жазуу сурамжылоосун (анкета) алуу.
в) долбоордун ишке ашырылуу ордунда ага аралашпай (кийлигишпестен) байкоо жүргүзүү:
- долбоорду же иш-чараны түздөн түз ишке ашыруу процессине байкоо жүргүзүү;
- формалдашкан түрдө атайын иштелип чыккан карточкаларга маалыматтарды жазуу аркылуу маалыматтарды топтоо.
г) фокус-топ – бул максаттык топтун өкүлдөрү менен өткөрүлүүчү топтук интервью.
7.2. Мониторингди өткөрүү усулдарын тандоо мониторинг өткөрүү үчүн изилденүүчү муниципалдык кызматтардын көрсөткүчтөрүнүн түзүлгөн системасына жараша ишке ашырылат. Сапаттын ар бир параметрине карата мониторингдин түрдүү усулдары колдонулушу мүмкүн.
7.3. Мониторингдин натыйжалары отчет түрүндө жазылат, анда мониторингдин натыйжалары жана четтеп кетүүлөрдү жоюу боюнча сунуштар чагылдырылат.
7.4. Мониторинг тобунун отчету Фонддун башкармалыгынын отурумунда жана Байкоочу кеңештин отурумдарында жылына 2 жолудан кем эмес угулат.
7.5. Мониторингдин тартиби Фонддун башкармалыгы тарабынан иштелип чыгат жана Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилет.
8. Мониторингдин натыйжалары
8.1. Ар бир мониторингди өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет түзүлөт (тиркемени караңыз), анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) мониторингдин иш жүзүндөгү натыйжалары;
2) алынган натыйжаларды мурдагы мониторингдин натыйжалары менен салыштырган талдоо;
3) мониторингдин натыйжаларынын негизинде чечимдерди кабыл алуу боюнча сунуштар.
8.2. Мониторингди өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча отчеттун материалдары жалпыланат жана чогулуштар,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дубал такталары (расмий сайттары) жана башка маалымат булактары аркылуу элге жарыяланат;
8.3. Мониторингди өткөрүүнүн натыйжалары төмөнкү учурларда эске алынат:
- айыл өкмөт тарабынан долбоордун ишке ашырылышы тууралуу калкка маалымдоо;
- айыл өкмөт тарабынан долбоорлорго мониторинг өткөрүү учурунда аныкталган кемчиликтерди же дал келбөөчүлүктөрдү жоюуга багытталган түзөтүүчү жана эскертүүчү иш-чараларды иштеп чыгуу;
- Мониторинг тобунун ишмердигин жыл сайын баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу.
8.4. Мониторинг тобунун отчету айылдык кеңештин отурумунда жылына 2 жолудан кем эмес угулат.
8.5. Мониторингди өткөрүүнүн натыйжалары тууралуу жыл сайын болуучу жыйынтыктоочу отчет бардык изилденүүчү долбоорлор боюнча алынган маалыматтарды жалпылоо аркылуу түзүлөт жана айыл өкмөткө, айылдык кеңешке берилет.