Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 182/26-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-февралы № 122/17-4
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2018-жылдын 25-январындагы кир.№ 109, 2018-жылдын 25-январындагы кир.№ 8 каттарынын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 30-январындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жааматтык келишимдери бекитилсин (1,2 -тиркеме).
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 8-февралында
№122/17-4 токтому менен бекитилген № 1 тиркеме
2018-2020-жылдарга карата Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМИ
Токмок ш. Муниципалдык менчик
башкармалыгынын жамаатынын 2018-жылдын
18 январында жалпы чогулушунда кабыл алынган.
Бул жамааттык келишим Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусу Эшимова А.Ж., мындан ары “Администрациясы” жагы деп аталуучу жана Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын эмгек жамаатынын кесиптик биримдигинин төрайымы С.Дж. Эралиеванын, мындан ары “Кесиптик биримдигинин комитети” жагы деп аталуучу, ортосунда түзүлгөн жергиликтүү ченемдик актысы.
Жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын "Жамааттык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин - эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кепил болгон юридикалык документ болуп эсептелет жана мыйзамда каралган кошумча эмгек, социалдык - тиричилик жеңилдиктерди жана кепилдиктерди камтыйт.
I бөлүк
Жамааттын ишмердиги жана андагы өз ара эмгек мамилелери
1. Эмгек жамаатынын алдында турган башкы милдеттер.
1.1.Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана аткаруу;
1.2.Токмок ш. калкына социалдык жана маданияттык тейлөөлөрдү көрсөтүү, аймактагы жашоону камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү жана иштерин уюштуруу;
1.3.Токмок ш. өнүгүү стратегиясынын Программасынын аткарылышын, аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана Токмок ш. калкын социалдык коргоо пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана көзөмөлгө алуу.
1.4.Шаардын тургундарынын муктаждыктарын жана керектөөсүн канааттандырууга кесиптик комитеттин мүчөлөрү-кызматкерлердин күчтөрүн багыттоо.
1.5.Шаардык жамааттардын бардык катмарларынын күчтөрүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жандандырууга, социалдык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, токмоктуктардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө мобилизациялоо.
2.1.Кесиптик комитеттин мүчөлөрү - кызматкерлер үчүн өндүрүмдүүлүгү жогору жана натыйжалуу эмгектенүүсүнө зарыл шарттарды түзүү.
2.2.Белгиленген эмгек акынын өз убагында жана ай сайын отчеттук айдан кийин 5-числосунан кеч эмес убакытта төлөп берүү (КРЭКтин 157-б.).
Иштеген жылдарына, класстык чинге, ардактуу наамга, квалификациялык разрядына жана өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумча акыларды, төлөмдөрдү жүргүзүү ("Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзам).
2.3. Кесиптик комитеттин макулдашуусу менен:
2.3.1. Ар бир кварталдын жана жылдын жыйнтыгы боюнча, кызматчылардын эмгек акыларын төлөө фондунун каражаттарынын эсебинен бекитилген кошумча төлөмдөр менен ошондой эле белгиленген майрам, ж.б. күндөрү менен бир айлык акы өлчөмүндө сый акы төлөнүп берилсин (ар бир кызматчынын кошкон жеке салымына жана иштеген убактысын эсепке алуу менен).
2.3.2. Кызматкер өргүүгө кетип жатканда эки айлык эмгек акы өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого материалдык жардам көрсөтүлсүн (Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 116-117-беренелери, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 38-беренеси );
2.3.3. Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгында кийинки күн тартиби бекитилсин:
жумуштун башталышы-саат 8.30 (КР ЭК 101-б.);
жумуштун аягы- саат 17.30;
тамактанууга тыныгуу: саат 12.00-13.00 чейин (КР ЭК 110-б.);
техникалык тыныгуулар: саат 10.00-10.20 чейин, 15.00-15.20 чейин;
2.3.4. Жумуш аптасы 5 жумуш күндөрү жана 2 эс алуу күндөрү менен бекитилсин;
2.4.Өзгөчө учурларда ченелбеген жумуш күндөрү, ошондой эле ишемби, жекшемби күндөрү (кезмет) жумуш иштөө, же суткалык кезметтер каралган.
2.5.Жумуш убагынан тышкары иштеген эмгеги үчүн компенсациялоо, иштеген күнүнүн иштеген саатынын эсебин эске алуу менен – эс алуу күндөрү иштегени үчүн башка күндөрү акы төлөнүүчү өргүмө берүү (ЭК 115-бер.), эгерде суткасы менен кезиетте турса анда ага эки төлөөнүүчү өргүмө берилет.
2.6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамалекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө токтому чыккан учурда, кызматкерлердин эмгегин социалдык коргоо жана дем берүү максатында материалдык жардамдарды төлөө ишке ашырылсын.
3. Кесиптик комитеттин милдеттери
3.1.Эмгек жана аткаруу тартибин бекемдөөгө колдоо көрсөтүү;
3.2.Жамаатты иш милдеттер менен аныкталган маселелерди аткарууга мобилизациялоо;
3.3.Кызматкерлерге эмгек мыйзамын, эмгектин, сыйлоонун, тартиптик жоопкерчиликтин шарттарын түшүндүрүү;
3.4.Кызматкерлерди мөөнөттөн ашык ишке тартуунун негиздүүлүгүн көзөмөлдөө;
3.5.Мезгил-мезгили менен айлык акыны эсептөөнүн тууралыгын текшерүү;
3.6.Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгында иштеген кесиптик комитеттин мүчөсү болгон ар бир кызматкердин эмгек укуктарын коргоону ашыруу;
3.7.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 68-беренесине ылайык, кызматкерлердин ортосундагы жакын туугандыгы бар фактыны аныктоо.
2-БӨЛҮК
Кызматкерлердин социалдык укуктары жана кепилдиктери
4. Администрациянын милдеттери
4.1.Кесиптик комитеттин мүчөлөрү- кызматкерлерди материалдык колдоо максатында, 2018-жылдын 1-февралынан баштап ай сайын биринчи зарылчылыктагы товарларга жана тейлөөлөргө керектөөчүлөр бааларынын өсүшүнө байланыштуу 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө турак жай-коммуналдык тейлөөлөргө компенсациялык кошумча төлөөлөр белгиленсин.
4.2.Эмгек жамаатынын мүчөлөрүн социалдык колдоо максатында, Администрация жыл сайын, инфляциянын өсүшүн эсепке алуу менен сентябрь айында айыл чарба продукциясын даярдоо үчүн 2 айлык маянадан төлөп берүүгө милдеттенет.
4.3. Пенсияга чыккандыгына байланыштуу кызматтан бошогондугу менне бир айлык акы өлчөмүндө;
4.4. Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү жана ак ниеттүү аткаруусу үчүн, узакка созулган жана кынтыксыз кызматы, мөөнөттөн ашык иши үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган:
4.4.1. Ыраазычылык билдирүү;
4.4.2. Беш айлык акыга чейинки өчөмүндө акчалай сыйлыктар төмөнкү эсеп менен:
-квартал сайын сый акылар;
-жылдын жыйынтыгы боюнча сый акылар;
4.4.3. Майрам күндөрүнө карата акчалай сый акылар (23-февраль, 8-март, 21-март, 9-май, 31-август, Кыргыз Республикасынын мамлекеттие жана муниципалдык кызматтын кызматкери күнүнө, «Орозо айт» жана «Курман айт» мусулман майрамдары).
4.4.4. Мэриянын ардак грамотасы менен сыйлоо;
4.4.5. Кыргыз Республикасынын сыйлыктарына сунуштамалар;
4.5. Бир айлык акы өлчөмүндө бир долу берилүүчү жөлөк пул үйлөнгөндө, бала төрөлгөндө, ошондой эле жакын туугандар каза болгондо (чоӊ эне, чоӊ ата, ата-эне, эркек бир туугандар, кыз бир туугандар, ошондой эле балдар) төлөнүп берилсин.
4.6. Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгында иштеген кызматкерлерге ай сайын зыян шарттарда эмгектенгендиги үчүн ( компьютер менен иштөө) тиешелүү кызмат айлыгынын 25% өлчөмдө кошумча төлөмдөр жүргүзүлсүн.
4.7. Муктаж болгондорго, жеке турак жай үй куруу үчүн жер участкаларын бөлүп берүү же турак жай аянтын алуу үчүн кезекке тургузуу.
4.8. Турак жай курулушуна пайызы жок, же жеӊилдик ссудасын алуу үчүн көмөк көрсөтүү.
4.9. Айлык акысын сактоо менен 5 күнгө чейин өзгөчө шарттарда өргүү берүү: никелешүүдө, жакындары каза болгондо.
4.10. Жумуш эмес майрам күндөрү астында жумуштун узактыгын бир саатка кыскартуу (КР ЭКтин 96-бер.).
5.Кесиптик комитеттин милдеттери
5.1.Жамааттык келишимге киргизилген иш-чараларды аткаруу үчүн, ошондой эле кызматкерлерди социалдык коргоо боюнча ченемдик жоболордун колдонушу үчүн көзөмөлдү туруктуу ишке ашыруу;
5.2.Туулган күнүндө кызматкерлерди куттуктоону уюштуруу.
3-БӨЛҮК
Кызматкерлердин эмгегин жана ден соолугун коргоо
6.Администрациянын милдеттери
6.1. Жумушчу орундарында зарыл тартипти, жарык берүүнү, жылуулук режимин камсыздоо, коопсуздук техникасын так сактоо камсыздалсын.
7. Кесиптик комитеттин милдеттери
7.1. Коопсуздук техникасынын ченемдерин жана белгиленген укуктарын сактоо үчүн, ошондой эле бул жамааттык келишимдин шарттарын аткаруу үчүн коомдук көзөмөлдү уюштуруу.
7.2.Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине санитардык-курорттук дарыланууну жана эс алууну уюштуруу.
4-БӨЛҮК
Кесиптик биримдиктин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери
8.Администрациянын милдеттери
8.1.Кесиптик комитетке акысыз колдонууга иш боюнча зарыл байланыш каражаттарын, компьютердик техниканы берүү.
8.2.Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын бухгалтериясы аркылуу кесиптик биримдиктин мүчөлүк төлөмдөрүн накталай эмес кармоону камсыздоо.
9.Кесиптик комитеттин милдеттери
9.1.Бул жамааттык келишимдин жоболорун ишке ашырууга көмөктөшүү, эмгек жамаатында социалдык чыңалууну төмөндөтүү, жамааттык эмгек талаштарынын пайда болуусунун алдын алуу.
9.2.Кайра түзүүдө, кыскартууда, эмгек чырларын чечүүдө кесиптик биримдиктин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын сактоо жана алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүү.
5-БӨЛҮК
Келишимдин мөөнөтү жана жактардын аны ишке ашыруу боюнча жоопкерчилиги
10.1.Жамааттык келишимге кол коюу учурдан тартып, 2 жылдын ичинде иштейт, 2020-жылдын 01-февралына чейин. Келишим түзгөн жактар жамааттык келишимдин иштөө мөөнөтүн 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө узарта алат (Кыргыз Республикасынын "Жамааттык келишими жөнүндө" Мыйзамынын 13-беренеси ).
10.2.Жамааттык келишимдин аткарылышына эки тарап тең көзөмөл жүргүзө алат. Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү эки тараптын тең макулдугу боюнча киргизилет.
10.3.Жамааттык келишимдин аткарылышынын жүрүшү жыл сайын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланат.
10.4.Бул жамааттык келишимде каралган милдеттер аткарылбагандыгы үчүн эки тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
Токмок шаарынын мэри ___________________ Ж.Дж.Шамыралиев
|
| "Администрация" Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун м.а. _____________ А.Ж.Эшимов |
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы ______________________ Т.А.Солтобаев
|
| "Кесиптик комитет" Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын кесиптик биримдик комитетинин төрайымы____________ С.Дж.Эралиева |
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 8-февралында
№122/17-4 токтому менен бекитилген № 1 тиркеме
Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМИ
Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн
жамаатынын 2018-жылдын 15- январында, жалпы чогулушунда кабыл алынган
Бул жамааттык келишим Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А. Б. Базаркуловдун, Токмок шаарынын мэри
Ж. Ж. Шамыралиевдин, мындар ары “Администрациясы” жагы деп аталуучу жана Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн эмгек жамаатынын кесиптик биримдигинин төрайымы Ф. М. Ушунбаеванын, мындан ары “Кесиптик биримдигинин комитети” жагы деп аталуучу, ортосунда түзүлгөн жергиликтүү ченемдик актысы.
Жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын "Жамааттык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин - эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кепил болгон юридикалык документ болуп эсептелет жана мыйзамда каралган кошумча эмгек, социалдык - тиричилик жеңилдиктерди жана кепилдиктерди камтыйт.
Ушул Келишимде пайдаланылган кыскартуулар:
ЭК- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
ЖК-Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишимдер жөнүндө» Мыйзамы;
ЖӨБ-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө
I бөлүк
Жамааттын ишмердүүлүгү жана андагы өз ара эмгек мамилелери
1. Кесиптик союз комиетинин мүчөлөрү эмгек жамааттарынын алдына коюлган башкы милдеттер:
1.1.Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана аткаруу;
1.2.Токмок ш. калкына социалдык жана маданияттык тейлөөлөрдү көрсөтүү, аймактагы жашоону камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү жана иштерин уюштуруу;
1.3.Токмок ш. өнүгүү стратегиясынын Программасынын аткарылышын, аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана Токмок ш. калкын социалдык коргоо пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана көзөмөлгө алуу.
1.4.Шаардын тургундарынын муктаждыктарын жана керектөөсүн канааттандырууга кесиптик комитеттин мүчөлөрү-кызматкерлердин күчтөрүн багыттоо.
1.5.Шаардык жамааттардын бардык катмарларынын күчтөрүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жандандырууга, социалдык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, токмоктуктардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө мобилизациялоо.
2.1.Кесиптик комитеттин мүчөлөрү - кызматкерлер үчүн өндүрүмдүүлүгү жогору жана натыйжалуу эмгектенүүсүнө зарыл шарттарды түзүү.
2.2.Белгиленген эмгек акынын өз убагында жана ай сайын отчеттук айдан кийин 5-числосунан кеч эмес убакытта төлөп берүү (КРЭКтин 157-б.).
иштеген жылдарына, класстык чинге, ардак наамга, квалификациялык даражага жана иштин өзгөчө шартары үчүн (КР ЖӨБ мыйзамынын 28 беренси, КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы №161 токтому) кошумча төлөөлөрдү жүргүзүү;
2.3. Кесиптик союз комитети менен макулдашуу боюнча:
Ар бир кварталдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча, кызматчылардын эмгек акыларын төлөө фондунун каражаттарынын эсебинен кошумча төлөмдөр менен ошондой эле белгиленген майрам, ж.б. күндөрү менен бир айлык сый акы төлөп берилсин (КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27- октябыры № 647).
2.3. Кесиптик комитеттин макулдашуусу менен:
2.3.1. Ар бир кварталдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча, кызматчылардын эмгек акыларын төлөө фондунун каражаттарынын эсебинен бекитилген кошумча төлөмдөр менен ошондой эле белгиленген майрам, ж.б. күндөрү менен бир айлык акы өлчөмүндө сый акы төлөнүп берилсин (ар бир кызматчынын кошкон жеке салымына жана иштеген убактысын эсепке алуу менен).
2.3.2. Кызматкер өргүүгө кетип жатканда эки айлык эмгек акы өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого материалдык жардам көрсөтүлсүн (Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 38-беренеси, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30–майындагы №75 ("Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" № 75 мыйзамы);
2.3.3. Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүндө кийинки күн тартиби бекитилсин:
жумуштун башталышы-саат 8.30 (КР ЭК 101-б.);
жумуштун аягы- саат 17.30;
тамактанууга тыныгуу: саат 12.00-13.00 чейин (КР ЭК 110-б.);
техникалык тыныгуулар: саат 10.00-10.20 чейин, 15.00-15.20 чейин;
2.3.4. Жумуш аптасы 5 жумуш күндөрү жана 2 эс алуу күндөрү менен бекитилсин;
2.4.Өзгөчө учурларда ченелбеген жумуш күндөрү, ошондой эле ишемби, жекшемби күндөрү (кезмет) жумуш иштөө, же суткалык кезметтер каралган.
2.5.Жумуш убагынан тышкары иштеген эмгеги үчүн компенсациялоо, иштеген күнүнүн иштеген саатынын эсебин эске алуу менен – эс алуу күндөрү иштегени үчүн башка күндөрү акы төлөнүүчү өргүмө берүү (ЭК 115-бер.), эгерде суткасы менен кезиетте турса анда ага эки төлөөнүүчү өргүмө берилет.
2.6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамалекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө токтому чыккан учурда, кызматкерлердин эмгегин социалдык коргоо жана дем берүү максатында материалдык жардамдарды төлөө ишке ашырылсын.
3. Кесиптик комитеттин милдеттери
3.1.Эмгек жана аткаруу тартибин бекемдөөгө колдоо көрсөтүү;
3.2.Жамаатты иш милдеттер менен аныкталган маселелерди аткарууга мобилизациялоо;
3.3.Кызматкерлерге эмгек мыйзамын, эмгектин, сыйлоонун, тартиптик жоопкерчиликтин шарттарын түшүндүрүү;
3.4.Кызматкерлерди мөөнөттөн ашык ишке тартуунун негиздүүлүгүн көзөмөлдөө;
3.5.Мезгил-мезгили менен айлык акыны эсептөөнүн тууралыгын текшерүү;
3.6.Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүндө иштеген кесиптик комитеттин мүчөсү болгон ар бир кызматкердин эмгек укуктарын коргоону ашыруу;
3.7.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 68-беренесине ылайык, кызматкерлердин ортосундагы жакын туугандыгы бар фактыны аныктоо.
2-БӨЛҮК
Кызматкерлердин социалдык укуктары жана кепилдиктери
4. Администрациянын милдеттери
4.1.Кесиптик комитеттин мүчөлөрү- кызматкерлерди материалдык колдоо максатында, 2018-жылдын 1-январынан баштап ай сайын биринчи зарылчылыктагы товарларга жана тейлөөлөргө керектөөчүлөр бааларынын өсүшүнө байланыштуу 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө турак жай-коммуналдык тейлөөлөргө компенсациялык кошумча төлөөлөр белгиленсин.
4.2.Эмгек жамаатынын мүчөлөрүн социалдык колдоо максатында, Администрация жыл сайын, инфляциянын өсүшүн эсепке алуу менен сентябрь айында айыл чарба продукциясын даярдоо үчүн 2 айлык маянадан төлөп берүүгө милдеттенет.
4.3. Пенсияга чыккандыгына байланыштуу кызматтан бошогондугу менен бир айлык акы өлчөмүндө;
4.3.1. Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүндө иштеген кызматкерлерге ай сайын зыян шарттарда эмгектенгендиги үчүн ( компьютер менен иштөө) тиешелүү кызмат айлыгынын 15% дан 25% га чейинки өлчөмдө кошумча төлөмдөр жүргүзүлсүн (КРӨнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому).
4.4. 1Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү жана ак ниеттүү аткаруусу үчүн, узакка созулгант жана кынтыксыз кызматы, мөөнөттөн ашык иши үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган: (ЖӨБ 17-б.)
4.4.1. Ыраазычылык билдирүү;
4.4.2. Беш айлык акыга чейинки өчөмүндө акчалай сыйлыктар төмөнкү эсеп менен:
-квартал сайын сый акылар;
-жылдын жыйынтыгы боюнча сый акылар;
4.4.3. Майрам күндөрүнө карата акчалай сый акылар (21-март, 9-май, 31-август, мамлекеттие жана муниципалдык кызматтын кызматкери күнүнө, «Орозо айт» жана «Курман айт» мусулман майрамдары).
4.4.4. Мэриянын ардак грамотасы менен сыйлоо;
4.4.5. Кыргыз Республикасынын сыйлыктарына сунуштамалар;
4.5. Бир айлык акы өлчөмүндө бир долу берилүүчү жөлөк пул үйлөнгөндө, бала төрөлгөндө, ошондой эле жакын туугандар каза болгондо (чоӊ эне, чоӊ ата, ата-эне, эркек бир туугандар, кыз бир туугандар, ошондой эле балдар) төлөнүп берилсин.
4.6. Муктаж болгондорго, жеке турак жай үй куруу үчүн жер участкаларын бөлүп берүү же турак жай аянтын алуу үчүн кезекке тургузуу.
4.7. Турак жай курулушуна пайызы жок, же жеӊилдик ссудасын алуу үчүн көмөк көрсөтүү.
4.8. Айлык акысын сактоо менен башталгыч мектеп жашындагы балдары бар аялдарга1 сентябрда эс алуу күн берилсин.
4.9. Айлык акысын сактоо менен 5 күнгө чейин өзгөчө шарттарда өргүү берүү: никелешүүдө, жакындары каза болгондо.
4.10. Жумуш эмес майрам күндөрү астында жумуштун узактыгын бир саатка кыскартуу (КР ЭКтин 96-бер.).
5.Кесиптик комитеттин милдеттери
5.1.Жамааттык келишимге киргизилген иш-чараларды аткаруу үчүн, ошондой эле кызматкерлерди социалдык коргоо боюнча ченемдик жоболордун колдонушу үчүн көзөмөлдү туруктуу ишке ашыруу;
5.2.Туулган күнүндө кызматкерлерди куттуктоону уюштуруу.
5.3. Турак жай мыйзамдарына ылайык, турак жай шарттарын эсепке алуу менен жыл сайын кайра каттоону уюштурат.
3-БӨЛҮК
Кызматкерлердин эмгегин жана ден соолугун коргоо
6.Администрациянын милдеттери
6.1. Жумушчу орундарында зарыл тартипти, жарык берүүнү, жылуулук режимин камсыздоо, коопсуздук техникасын так сактоо камсыздалсын.
7. Кесиптик комитеттин милдеттери
7.1. Коопсуздук техникасынын ченемдерин жана белгиленген укуктарын сактоо үчүн, ошондой эле бул жамааттык келишимдин шарттарын аткаруу үчүн коомдук көзөмөлдү уюштуруу.
7.2.Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн кызматкерлерине санитардык-курорттук дарыланууну жана эс алууну уюштуруу.
4-БӨЛҮК
Кесиптик биримдиктин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери
8. Администрациянын милдеттери
8.1.Кесиптик комитетке акысыз колдонууга иш боюнча зарыл байланыш каражаттарын, компьютердик техниканы берүү.
8.2.Кесиптик союздун мүчөлүк төлөмдөрүн накталай эмес, бухгалтерия аркылуу кармап калууну камсыздоо.
9. Кесиптик комитеттин милдеттери
9.1.Бул жамааттык келишимдин жоболорун ишке ашырууга көмөктөшүү, эмгек жамаатында социалдык чыңалууну төмөндөтүү, жамааттык эмгек талаштарынын пайда болуусунун алдын алуу.
9.2.Кайра түзүүдө, кыскартууда, эмгек чырларын чечүүдө кесиптик биримдиктин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын сактоо жана алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүү.
5-БӨЛҮК
Келишимдин мөөнөтү жана жактардын аны ишке ашыруу боюнча жоопкерчилиги
10.1. Жамааттык келишим ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана 2 жыл аралыгында иштейт. Тараптардын Жамааттык келишимди 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө узартууга укуктары бар (ЭК 43-беренеси, ЖК 13-беренеси).
10.2.Жамааттык келишимди ишке ашырууга көзөмөлдүк эки тараптан тең жүргүзүлөт. Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү эки тараптын өз ара макулдугу боюнча киргизилет (ЖК 15-беренеси).
10.3.Жамааттык келишимдин аткарылышынын жүрүшү жыл сайын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланат (ЖК 15-беренеси).
10.4. Администрация ар бир кварталдын, жылдын жыйынтыг боюнча жалпы максаттарга жетүудө ар бир кызматкердин кошкон салымын эсепке алуу менен сый акы төлөонүн дифференциалду сеткасын түзөт, ал келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.
10.5. Бул жамааттык келишимде каралган милдеттер аткарылбагандыгы үчүн эки тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. (ЖК 16-б.)
Токмок шаарынын мэри
___________Ж.Дж.Шамыралиев
|
| "Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы _____________ А. Б. Базаркулов
|
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы
_______________ Т.А.Солтобаев
|
| "Кесиптик комитет" Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн кесиптик биримдик комитетинин төрайымы ______________Ф. М. Ушунбаева
|