Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 182/26-4
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2018-жылдын 25-январындагы кир.№ 109, 2018-жылдын 25-январындагы кир.№ 8 каттарынын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 30-январындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин кызматкерлердин жааматтык келишимин бекитүү жөнүндө №122/17-4 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жааматтык келишимдери бекитилсин (1,2 -тиркеме).
3.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Тиркеме № 1
Токмок шаардык Кеңешинин
2018-жылдын 29-декабрында
№ 182/26-4 токтомуна
2018-2020-жылдарга карата Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМИ
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын
жамаатынын 2018-жылдын _________________________ жалпы чогулушунда кабыл алынган
Бул жамааттык келишим Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусу М.К.Макешевдин, мындар ары “Администрациясы” жагы деп аталуучу жана Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын эмгек жамаатынын кесиптик биримдигинин төрайымы С.Дж. Эралиеванын, мындан ары “Кесиптик биримдигинин комитети” жагы деп аталуучу, ортосунда түзүлгөн жергиликтүү ченемдик актысы.
Жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын "Жамааттык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин - эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кепил болгон юридикалык документ болуп эсептелет жана мыйзамда каралган кошумча эмгек, социалдык - тиричилик жеңилдиктерди жана кепилдиктерди камтыйт.
I бөлүк
Жамааттын ишмердиги жана андагы өз ара эмгек мамилелери
1. Эмгек жамаатынын алдында турган башкы милдеттер.
1.1.Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана аткаруу;
1.2.Токмок ш. калкына социалдык жана маданияттык тейлөөлөрдү көрсөтүү, аймактагы жашоону камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү жана иштерин уюштуруу;
1.3.Токмок ш. өнүгүү стратегиясынын Программасынын аткарылышын, аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана Токмок ш. калкын социалдык коргоо пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана көзөмөлгө алуу.
1.4.Шаардын тургундарынын муктаждыктарын жана керектөөсүн канааттандырууга кесиптик комитеттин мүчөлөрү-кызматкерлердин күчтөрүн багыттоо.
1.5.Шаардык жамааттардын бардык катмарларынын күчтөрүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жандандырууга, социалдык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, токмоктуктардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө мобилизациялоо.
2. Администрациянын милдеттери
2.1.Кесиптик комитеттин мүчөлөрү - кызматкерлер үчүн өндүрүмдүүлүгү жогору жана натыйжалуу эмгектенүүсүнө зарыл шарттарды түзүү.
2.2.Белгиленген эмгек акынын өз убагында жана ай сайын отчеттук айдан кийин 5-числосунан кеч эмес убакытта төлөп берүү (КРЭКтин 157-б.).
Иштеген жылдарына, класстык чинге, ардактуу наамга, квалификациялык разрядына жана өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумча акыларды, төлөмдөрдү жүргүзүү ("Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзам).
2.3.Кызматкер өргүүгө кетип жатканда эки айлык эмгек акы өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого материалдык жардам көрсөтүлсүн (Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 116-117-беренелери, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 38-беренеси );
2.4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө токтому чыккан учурда, кызматлердин эмгегин социалдык коргоо жана дем берүү максатында материалдык жардамдарды төлөө ишке ашырылсын.
2.5.Төмөндөгүлөр бекитилсин:
2.5.1.Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгында кийинки күн тартиби бекитилсин:
жумуштун башталышы-саат 8.30 (КР ЭК 101-б.);
жумуштун аягы- саат 17.30;
тамактанууга тыныгуу: саат 12.00-13.00 чейин (КР ЭК 110-б.);
техникалык тыныгуулар: саат 10.00-10.20 чейин, 15.00-15.20 чейин;
2.5.2. Жумуш аптасы 5 жумуш күндөрү жана 2 эс алуу күндөрү менен бекитилсин;
2.5.3.Өзгөчө учурларда ченелбеген жумуш күндөрү, ошондой эле ишемби, жекшемби күндөрү кезметке чыгуу, же суткалык кезметтер каралган.
3. Кесиптик комитеттин милдеттери
3.1.Эмгек жана аткаруу тартибин бекемдөөгө колдоо көрсөтүү;
3.2.Жамаатты иш милдеттер менен аныкталган маселелерди аткарууга мобилизациялоо;
3.3.Кызматкерлерге эмгек мыйзамын, эмгектин, сыйлоонун, тартиптик жоопкерчиликтин шарттарын түшүндүрүү;
3.4.Кызматкерлерди мөөнөттөн ашык ишке тартуунун негиздүүлүгүн көзөмөлдөө;
3.5.Мезгил-мезгили менен айлык акыны эсептөөнүн тууралыгын текшерүү;
3.6.Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгында иштеген кесиптик комитеттин мүчөсү болгон ар бир кызматкердин эмгек укуктарын коргоону ашыруу;
3.7.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 68-беренесине ылайык, кызматкерлердин ортосундагы жакын туугандыгы бар фактыны аныктоо.
2-БӨЛҮК
Кызматкерлердин социалдык укуктары жана кепидиктери
4. Администрациянын милдеттери
4.1.Кесиптик комитеттин мүчөлөрү- кызматкерлерди материалдык колдоо максатында, 2018-жылдын 1-октябрынан баштап ай сайын биринчи зарылчылыктагы товарларга жана тейлөөлөргө керектөөчүлөр бааларынын өсүшүнө байланыштуу 8000 (сегиз миң) сом өлчөмүндө турак жай-коммуналдык тейлөөлөргө компенсациялык кошумча төлөөлөр белгиленсин (КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун 4-п. 4п.п.).
4.2.Эмгек жамаатынын мүчөлөрүн социалдык колдоо максатында, Администрация жыл сайын, инфляциянын өсүшүн эсепке алуу менен август айында айыл чарба продукциясын даярдоо үчүн 2 айлык маянадан төлөп берүүгө милдеттенет. (КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун 4-п. 4п.п.).
4.3.Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгында иштеген кызматкерлерге ай сайын зыян шарттарда эмгектенгендиги үчүн ( компьютер менен иштөө) тиешелүү кызмат айлыгынын 15% дан 25% га чейинки өлчөмдө кошумча төлөмдөр жүргүзүлсүн (КРӨнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому).
4.4. Кызматкердин ишмердүүлүгүн баалоону эсепке алуу менен (эмгек акы фондунун каражаттарын үнөмдөө эсебинен) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерге сый акы жүргүзө алат (Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесинин 7-п. );
4.5.Бир айлык эмгек акы өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөк пул үйлөнгөндө, бала төрөлгөндө, ошондой эле жакын туугандар каза болгондо (чоң апа, чоң ата, ата-эне, бир туугандар, ошондой эле балдар) төлөнүп берилсин;
4.6.Муктаж болгондорго, жеке турак жай үй куруу үчүн жер участкаларын бөлүп берүү же турак жай аянтын алуу үчүн кезекке тургузуу;
4.7.Айлык акысын сактоо менен 5 күнгө чейин өзгөчө шарттарда өргүү берүү: никелешүүдө, жакындары каза болгондо;
4.8.Жумуш эмес майрам күндөрү астында жумуштун узактыгын бир саатка кыскартуу (КР ЭКтин 96-беренеси).
5.Кесиптик комитеттин милдеттери
5.1.Жамааттык келишимге киргизилген иш-чараларды аткаруу үчүн, ошондой эле кызматкерлерди социалдык коргоо боюнча ченемдик жоболордун колдонушу үчүн көзөмөлдү туруктуу ишке ашыруу;
5.2.Туулган күнүндө кызматкерлерди куттуктоону уюштуруу.
3-БӨЛҮК
Кызматкерлердин эмгегин жана ден соолугун коргоо
6.Администрациянын милдеттери
6.1. Жумуш орундарында зарыл тартипти, жарык берүүнү, жылуулук режимин камсыздоо, коопсуздук техникасын так сактоо камсыздалсын.
7. Кесиптик комитеттин милдеттери
7.1. Коопсуздук техникасынын ченемдерин жана белгиленген укуктарын сактоо үчүн, ошондой эле бул жамааттык келишимдин шарттарын аткаруу үчүн коомдук көзөмөлдү уюштуруу.
7.2.Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине санитардык-курорттук дарыланууну жана эс алууну уюштуруу.
4-БӨЛҮК
Кесиптик биримдиктин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери
8.Администрациянын милдеттери
8.1.Кесиптик комитетке акысыз колдонууга иш боюнча зарыл байланыш каражаттарын, компьютердик техниканы берүү.
8.2.Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын бухгалтериясы аркылуу кесиптик биримдиктин мүчөлүк төлөмдөрүн накталай эмес кармоону камсыздоо.
9.Кесиптик комитеттин милдеттери
9.1.Бул жамааттык келишимдин жоболорун ишке ашырууга көмөктөшүү, эмгек жамаатында социалдык чыңалууну төмөндөтүү, жамааттык эмгек талаштарынын пайда болуусунун алдын алуу.
9.2.Кайра түзүүдө, кыскартууда, эмгек чырларын чечүүдө кесиптик биримдиктин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын сактоо жана алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүү.
5-БӨЛҮК
Келишимдин мөөнөтү жана жактардын аны ишке ашыруу боюнча жоопкерчилиги
10.1.Жамааттык келишимге кол коюу учурдан тартып, 2 жылдын ичинде иштейт. Келишим түзгөн жактар жамааттык келишимдин иштөө мөөнөтүн 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө узарта алат (Кыргыз Республикасынын "Жамааттык келишими жөнүндө" Мыйзамынын 13-беренеси );
10.2.Жамааттык келишимдин аткарылышына эки тарап тең көзөмөл жүргүзө алат. Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү эки тараптын тең макулдугу боюнча киргизилет.
10.3.Жамааттык келишимдин аткарылышынын жүрүшү жыл сайын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланат.
10.4.Бул жамааттык келишимде каралган милдеттер аткарылбагандыгы үчүн эки тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
Токмок шаарынын мэри ___________________ Д.Дж.Амангельдиев
|
| "Администрация" Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусу _____________ М.К.Макешев |
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы ______________________ Т.А.Солтобаев
|
| "Кесиптик комитет" Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын кесиптик биримдик комитетинин төрайымы____________ С.Дж.Эралиева |
Тиркеме № 2
Токмок шаардык Кеңешинин
2018-жылдын 29-декабрында
бекитилген № 182/26-4 токтомуна
Токмок ш. жаштар ишери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМИ
Токмок ш. жаштар иштери, дене трабия жана спорт бөлүмүнүн жамаатынын 2018-жылдын _________________________ жалпы чогулушунда кабыл алынган
Бул жамааттык келишим Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А. Б. Базаркуловдун, Токмок шаарынын мэри
Д. Ж. Амангельдиевдин мындар ары “Администрациясы” жагы деп аталуучу жана Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн эмгек жамаатынын кесиптик биримдигинин төрайымы Ф. М. Ушунбаеванын, мындан ары “Кесиптик биримдигинин комитети” жагы деп аталуучу, ортосунда түзүлгөн жергиликтүү ченемдик актысы.
Жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын "Жамааттык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин - эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кепил болгон юридикалык документ болуп эсептелет жана мыйзамда каралган кошумча эмгек, социалдык - тиричилик жеңилдиктерди жана кепилдиктерди камтыйт.
I бөлүк
Жамааттын ишмердиги жана андагы өз ара эмгек мамилелери
1. Эмгек жамаатынын алдында турган башкы милдеттер.
1.1.Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана аткаруу;
1.2.Токмок ш. калкына социалдык жана маданияттык тейлөөлөрдү көрсөтүү, аймактагы жашоону камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү жана иштерин уюштуруу;
1.3.Токмок ш. өнүгүү стратегиясынын Программасынын аткарылышын, аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана Токмок ш. калкын социалдык коргоо пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана көзөмөлгө алуу.
1.4.Шаардын тургундарынын муктаждыктарын жана керектөөсүн канааттандырууга кесиптик комитеттин мүчөлөрү-кызматкерлердин күчтөрүн багыттоо.
1.5.Шаардык жамааттардын бардык катмарларынын күчтөрүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жандандырууга, социалдык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, токмоктуктардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө мобилизациялоо.
2. Администрациянын милдеттери
2.1.Кесиптик комитеттин мүчөлөрү - кызматкерлер үчүн өндүрүмдүүлүгү жогору жана натыйжалуу эмгектенүүсүнө зарыл шарттарды түзүү.
2.2.Белгиленген эмгек акынын өз убагында жана ай сайын отчеттук айдан кийин 5-числосунан кеч эмес убакытта төлөп берүү (КРЭКтин 157-б.).
Иштеген жылдарына, класстык чинге, ардактуу наамга, квалификациялык разрядына жана өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумча акыларды, төлөмдөрдү жүргүзүү ("Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзам).
2.3.Кызматкер өргүүгө кетип жатканда эки айлык эмгек акы өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого материалдык жардам көрсөтүлсүн (Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 116-117-беренелери, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 38-беренеси );
2.4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө токтому чыккан учурда, кызматлердин эмгегин социалдык коргоо жана дем берүү максатында материалдык жардамдарды төлөө ишке ашырылсын.
2.5.Төмөндөгүлөр бекитилсин:
2.5.1.Токмок ш. жаштар иштери, дене трабия жана спорт бөлүмүндө кийинки күн тартиби бекитилсин:
жумуштун башталышы-саат 8.30 (КР ЭК 101-б.);
жумуштун аягы- саат 17.30;
тамактанууга тыныгуу: саат 12.00-13.00 чейин (КР ЭК 110-б.);
техникалык тыныгуулар: саат 10.00-10.20 чейин, 15.00-15.20 чейин;
2.5.2. Жумуш аптасы 5 жумуш күндөрү жана 2 эс алуу күндөрү менен бекитилсин;
2.5.3.Өзгөчө учурларда ченелбеген жумуш күндөрү, ошондой эле ишемби, жекшемби күндөрү кезметке чыгуу, же суткалык кезметтер каралган.
3. Кесиптик комитеттин милдеттери
3.1.Эмгек жана аткаруу тартибин бекемдөөгө колдоо көрсөтүү;
3.2.Жамаатты иш милдеттер менен аныкталган маселелерди аткарууга мобилизациялоо;
3.3.Кызматкерлерге эмгек мыйзамын, эмгектин, сыйлоонун, тартиптик жоопкерчиликтин шарттарын түшүндүрүү;
3.4.Кызматкерлерди мөөнөттөн ашык ишке тартуунун негиздүүлүгүн көзөмөлдөө;
3.5.Мезгил-мезгили менен айлык акыны эсептөөнүн тууралыгын текшерүү;
3.6.Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүндө иштеген кесиптик комитеттин мүчөсү болгон ар бир кызматкердин эмгек укуктарын коргоону ашыруу;
3.7.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 68-беренесине ылайык, кызматкерлердин ортосундагы жакын туугандыгы бар фактыны аныктоо.
2-БӨЛҮК
Кызматкерлердин социалдык укуктары жана кепидиктери
4. Администрациянын милдеттери
4.1.Кесиптик комитеттин мүчөлөрү- кызматкерлерди материалдык колдоо максатында, 2018-жылдын 1-октябрынан баштап ай сайын биринчи зарылчылыктагы товарларга жана тейлөөлөргө керектөөчүлөр бааларынын өсүшүнө байланыштуу 8000 (сегиз миң) сом өлчөмүндө турак жай-коммуналдык тейлөөлөргө компенсациялык кошумча төлөөлөр белгиленсин (КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун 4-п. 4п.п.).
4.2.Эмгек жамаатынын мүчөлөрүн социалдык колдоо максатында, Администрация жыл сайын, инфляциянын өсүшүн эсепке алуу менен сентябрь айында айыл чарба продукциясын даярдоо үчүн 2 айлык маянадан төлөп берүүгө милдеттенет (КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун 4-п. 4п.п.).
4.3.Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүндө иштеген кызматкерлерге ай сайын зыян шарттарда эмгектенгендиги үчүн ( компьютер менен иштөө) тиешелүү кызмат айлыгынын 15% дан 25% га чейинки өлчөмдө кошумча төлөмдөр жүргүзүлсүн (КРӨнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому).
4.4. Кызматкердин ишмердүүлүгүн баалоону эсепке алуу менен (эмгек акы фондунун каражаттарын үнөмдөө эсебинен) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерге сый акы жүргүзө алат (Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесинин 7-п. );
4.5.Бир айлык эмгек акы өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөк пул үйлөнгөндө, бала төрөлгөндө, ошондой эле жакын туугандар каза болгондо (чоң апа, чоң ата, ата-эне, бир туугандар, ошондой эле балдар) төлөнүп берилсин;
4.6.Муктаж болгондорго, жеке турак жай үй куруу үчүн жер участкаларын бөлүп берүү же турак жай аянтын алуу үчүн кезекке тургузуу;
4.7.Айлык акысын сактоо менен 5 күнгө чейин өзгөчө шарттарда өргүү берүү: никелешүүдө, жакындары каза болгондо;
4.8.Жумуш эмес майрам күндөрү астында жумуштун узактыгын бир саатка кыскартуу (КР ЭКтин 96-беренеси).
5.Кесиптик комитеттин милдеттери
5.1.Жамааттык келишимге киргизилген иш-чараларды аткаруу үчүн, ошондой эле кызматкерлерди социалдык коргоо боюнча ченемдик жоболордун колдонушу үчүн көзөмөлдү туруктуу ишке ашыруу;
5.2.Туулган күнүндө кызматкерлерди куттуктоону уюштуруу.
3-БӨЛҮК
Кызматкерлердин эмгегин жана ден соолугун коргоо
6.Администрациянын милдеттери
6.1. Жумуш орундарында зарыл тартипти, жарык берүүнү, жылуулук режимин камсыздоо, коопсуздук техникасын так сактоо камсыздалсын.
7. Кесиптик комитеттин милдеттери
7.1. Коопсуздук техникасынын ченемдерин жана белгиленген укуктарын сактоо үчүн, ошондой эле бул жамааттык келишимдин шарттарын аткаруу үчүн коомдук көзөмөлдү уюштуруу.
7.2.Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн кызматкерлерине санитардык-курорттук дарыланууну жана эс алууну уюштуруу.
4-БӨЛҮК
Кесиптик биримдиктин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери
8.Администрациянын милдеттери
8.1.Кесиптик комитетке акысыз колдонууга иш боюнча зарыл байланыш каражаттарын, компьютердик техниканы берүү.
8.2.Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн бухгалтериясы аркылуу кесиптик биримдиктин мүчөлүк төлөмдөрүн накталай эмес кармоону камсыздоо.
9.Кесиптик комитеттин милдеттери
9.1.Бул жамааттык келишимдин жоболорун ишке ашырууга көмөктөшүү, эмгек жамаатында социалдык чыңалууну төмөндөтүү, жамааттык эмгек талаштарынын пайда болуусунун алдын алуу.
9.2.Кайра түзүүдө, кыскартууда, эмгек чырларын чечүүдө кесиптик биримдиктин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын сактоо жана алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүү.
5-БӨЛҮК
Келишимдин мөөнөтү жана жактардын аны ишке ашыруу боюнча жоопкерчилиги
10.1.Жамааттык келишимге кол коюу учурдан тартып, 2 жылдын ичинде иштейт. Келишим түзгөн жактар жамааттык келишимдин иштөө мөөнөтүн 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө узарта алат (Кыргыз Республикасынын "Жамааттык келишими жөнүндө" Мыйзамынын 13-беренеси );
10.2.Жамааттык келишимдин аткарылышына эки тарап тең көзөмөл жүргүзө алат. Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү эки тараптын тең макулдугу боюнча киргизилет.
10.3.Жамааттык келишимдин аткарылышынын жүрүшү жыл сайын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланат.
10.4.Бул жамааттык келишимде каралган милдеттер аткарылбагандыгы үчүн эки тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
"Администрация" Токмок шаарынын мэри ________________Д.Дж.Амангельдиев
|
| Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы _____________ А. Б. Базаркулов |
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы ___________________Т.А.Солтобаев
|
|
"Кесиптик комитет" Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн кесиптик биримдик комитетинин төрайымы ______________Ф. М. Ушунбаева
|