ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 6-июлу № 89/14-4
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. Мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2017-жылдын 30-июнундагы чыгыш №1217/1-4 үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга конкурска катышуу үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06-февралындагы №50/10-4 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Комиссиясынын курамы төмөнкү түрдө бекитилсин:
· Батырбек уулу Арнур – Токмок шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
· Эсенкулов Жайылбек Акимбаевич – Кыргыз Республикасынын каржы министрилигинин Чүй башкармалыгынын финансылык бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн начальниги, комиссиянын секретари;
Комиссия мүчөлөрү:
- Бейшеналиева Айнура Таштанбековна – Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси;
- Эшенов Элчибек Акматбекович – “Адилеттүү келечек” КФдин төрагасы;
- Жусупбекова Жанаркуль Жангазиевна – “Гринвок” КФдин жетекчиси;
- Усупбеков Калыс Дамирбекович – “Общество Корнелеуса” КФдин өкүлү;
- Лавринович Ольга Викторовна – “Общество Корнелеуса” КФдин жетекчиси;
- Кангельдиева Гульсан Исхаковна – “Дүйнөнүн үйү” ККФдин жетекчиси;
- Киртенов Жамангул Камчибекович – “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын өкүлү.
3. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссияны көзөмөлдөө жоопкерчилиги Токмок ш.мэриясынын жетекчилигине (Ж.Дж.Шамыралиев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |