Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 180/26-4
Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын негизги каражаттарды жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө катын карап чыгып, кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болгондугуна байланыштуу, Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 12/4-4 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 24-мартындагы №132/20-4 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- негизги каражаттарды жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамынан
Токмок ш. муниципалдык менчик башкамалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучусу А.Ж. Эшимов чыгарылсын;
Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын капиталдык курулуш жана техникалык көзөмөлдөө боюнча мурдакы жетектөөчү адиси Т.А. Жулжиев чыгарылсын;
- негизги каражаттарды жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамына
Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги Макешов М.К. киргизилсин
Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын капиталдык курулуш жана техникалык көзөмөлдөө боюнча жетектөөчү адиси Ж.Ж.Иманалиев киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |