Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ОН СЕГИЗИНЧИ СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 27-декабры № 17-18/2
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58, 2018-жылдын 4-августундагы №85 мыйзамынын негизинде, бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө жобону бекитүү максатында, Баш-Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-апрелиндеги №58, 2018-жылдын 4-августундагы №85 мыйзамынын негизинде, бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө жобо бекитилсин. № 1 тиркеме тиркелет.
2. Баш-Кууганды айыл аймагынын бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы бекитилсин. № 2 тиркеме тиркелет.
3. Бул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Жумуковго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Ажыгулов |
Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин
№ 17-18/2 токтомуна № 2 тиркеме
1. Таалайбек у К. – айыл өмөтүнүн жооптуу катчысы - комиссиянын төрагасы;
2. Ү. Узакова – аялдар кещешинин төрайымы - комиссиянын төрагасынын орун басары;
3. А. Батыралиева– социалдык коргоо боюнча адис - комиссиянын катчысы;
4. Э. Нургожоева – кирешелер боюнча башкы адис - комиссиянын мүчөсү;
5. Т. Жумуков – аскерге каттоо столунун инспектору - комиссиянын мүчөсү;
6. А. Акматов – айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы - комиссиянын мүчөсү;
7. У. Жамгырчиев – айылдык кенештин депутаты - комиссиянын мүчөсү;
8. К. Эшимбеков – айылдык кенештин депутаты - комиссиянын мүчөсү;
9. А. Исаев – милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү - комиссиянын мүчөсү;
Баш-Кууганды айыл аймагынын
айылдык кеӊешинин төрагасы: К. Ажыгулов
Тиркеме № 1
Баш-Кууганды айылдык Кеӊешинин
2018-жылдын 27-декабрындагы №17-18/2
токтому менен бекитилген
1.Жалпы Жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде каралган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия түзүүнүн жана алардын ишинин татибин карайт.
2. Комиссия жергиликтүү Кеӊеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө Жобо анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеӊештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Контитуциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин башка ченемдик-укуктук актыларды жана ушул Жобону жектекчиликке алат.
5. Комиссия Кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергеликтүү Кеӊештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеӊешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Жергиликтүү Кеӊеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөнкүлөр киришет:
- жергиликтүү кеӊештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар;
- айыл аймагынын чегинде жашаганжарандык коомдун жана жергиликтүү жаматтын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча)
10. Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен ал эми комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон атайын орто жана жалпы орто (жогорку) билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат
12. Жарандык коомдон жана жергиликтүү жамаатын өкүлдөрүнөн:
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
- соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же болбосо жабылбаган соттуулугу бар;
- аныкталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши токтотулган) мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
13. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү бузуу Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып, башталат жана Комиссиянын жаӊы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
14. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле
- жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу туралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
- Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
- медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
- Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чгинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
- жергиликтүү кеӊештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда;
- медициналык корутундуга ылайык, ден-соолугунун абалы Комиссиянын мүчөлүгүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
15. Комиссиянын жаӊы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгырым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
16. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаганда жергиликтүү кеӊештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
17. Комиссиянын жаӊы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3. Комиссиянын ишинин тартиби
18. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
19. Комиссия бузулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
20. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
- Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
21. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө Кодексте аныкталган тартипте карайт.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы өз чечими менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамынын тизмегин аныктайт:
23. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
24. Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
26. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
27. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
28. Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүнд иштердин материалдары менен таанышууга;
- бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдөөгө баа берүүгө катышууга;
- Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
- жүрүм-турумдун эрежелеринин этикасын сактоого;
- Комиссиянын отурумдарынын протоколдоруна кол коюуга.
Төмөндөгүлөргө укуктуу:
- бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
- Кодексте каралган башка укуктарга.
29. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө
- Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
- Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
- Комиссияны ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү;
Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
30. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
31. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- келип түшкөн материалдарды билдирүүлөрдү жана арыздарды ошондой эле бул жагдайы бар экендигин көрсөткөн массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
- бузуулар жөнүндө протоколдорду Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат
- Комиссиянын мүчөлөрүн бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонуну убактысы жана орду тууралуу кабарландырат аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
- Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт аларга кол коет;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге аныктамаларга жана токтомдорго кол коет:
- аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
- Комиссия чыгарган аныктамаларга ана чечимдерге даттанууларды кабыл алат аларды кароону уюштурат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- Комиссиянын иш-кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
- бузуулар жөнүндө иштерди ароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт
- Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
- кодекске жана ушул жобого ылайыкбашка милдеттерди аткарат.
32. Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин Комиссиянын төрагасынын тапшырмас боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
33. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү
- бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жабырлануучунун анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коргоочусунун өкүлүнүн,адвокатынын ошондой эле күбөсүнүн эксперттин,адистин,котормочунун туугандары болушса,алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
34. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашыралыт.ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
35. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык арыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
36. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек.
- Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калгандыгынын себептерин аныктоого,бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө,анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
- Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тиркелет.
37. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт.ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчилик тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү атайын финансылык отчеттуулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанция) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулга ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип, айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
38. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
- бузуулар жөнүндө протоколдор жана ишке байланыштуу башка материалдар,
- отурумдун процессинде ишке кошулган келип түшкөн ирээтинде жайгаштырылган бардык документтер;
- белгиленген тартипте кол коюлган Комиссиянын отурумунун протоколу;
- Ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарлган аныктамалар, токтомдор бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
39. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды комисси менен ай сайын салыштырып турушат.
41. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казыначылыктын райондук бөлүмү менен салыштырып, текшерип турат.
42. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
- бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
- бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы;
43. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн мөөр менен бекитилген болууга тийш. эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
44. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
45. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары Комиссиянын төрагасынын уруксаатысыз берилбейт.