Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу № 20-4
Куу-майдан айылынын 9-контурунда жайгашкан эски тери цехтин ордуна 2018-жылдын 04-июлундагы терини кайра иштетүүчү кичи ишкана куруу тууралуу айылдык кеңештин № 12-3 сандуу токтому инвестор келбей калгандыгына байланыштуу иштетилбей калгандыктан ал жерди Куу-майдан айылынын тургуну Абдыраимов Туйгунбек Ташполотовичке келечекте мал чарба продуктыларын иштете турган кичи ишкана куруу үчүн ижарага берүү тууралуу айыл башчынын сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин 27.06.2019-жылдагы № 19-5-токтомуна таянып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-майдан айылынын 9-контурунда жайгашкан эски тери цехтин ордуна 2018-жылдын 04-июлундагы терини кайра иштетүүчү кичи ишкана куруу тууралуу айылдык кеңештин № 12-3 сандуу токтому инвестор келбей калгандыктан ишетилбегендигине байланыштуу Куу-майдан айылынын тургуну Абдыраимов Туйгунбек Ташполотовичке келечекте мал чарба продуктыларын иштете турган кичи ишкана куруу үчүн ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Кичи ишкананын ордун тактап, жерин өлчөп ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |