Загрузка документа…
КР Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 22-январындагы № 1/4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАРА-СУУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 17-чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы
2019-жылдын 19-апрели №4/7
Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 11-декабрындагы №10/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 4-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 11-декабрындагы №10/2 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Бекитилген комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилип, 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Иманкулов |
1-тиркеме
Кара-Суу айылдык кеңешинин
4-кезексиз сессиясынын
2019-жылдын 19-апрелиндеги
№4/7 токтому менен бекитилди
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы
1. Ж.Иманкулов- айылдык кеңешинин төрагасы- төрагасы;
2. А.Өзгөрүш уулу- айылдык кеңешинин депутаты- орун басары;
3. С.Мамбетсултанова- айыл өкмөтүнүн социалдык маселелр боюнча башкы адиси- катчысы;
Мүчөлөрү:
3. Н.Сооронбаева- айыл өкмөтүнүн адиси;
4. Ч.Тентимишов- айылдык кеңешинин депутаты