Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 17-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 1/4
Кара-Суу айыл аймагынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын Жобосун жана комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 313-беренесине жана «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын Жобосу жана комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (1-2-тиркеме тиркелет)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 11-декабрындагы №10/2 токтому,
- Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 19-апрелиндеги №4/7 токтому.
3. Расмий жарыялоо жана юстициядан каттоодон өткөрүү жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |
1-тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин
2021-жылдын 22-январындагы
№1/4 токтому менен
Кара-Суу айыл аймагынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы
Төрагасы: Ж Иманкулов;
Орун басары: А +згөрүш уулу.
Катчысы: Н Сооронбаева.
Мүчөлөрү: Ч Тентимишов;
Т Сулайман уулу.
Төрага | Ж. Иманкулов |