КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
2016-жылдын 24-февралы №7
Калктуу пунктардын такталган 1:5000 масштабтагы схемалык картасын даярдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854, толуктоолору менен 16-июль 2014-жылдын №394 токтомуна негиз 2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү токтомунун 4 жана 4-2,3 пунктарын жана Калктуу пунктардын такталган 1:5000 масштабтагы схемалык картасын даярдоо боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн 22.02.2016-жылдагы чыгыш №01-6/115 катына негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854, толктоолору менен 16-июль 2014-жылдын № 394 токтомуна негиз 2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү токтомунун 4 жана 4-2,3 пунктарын жана Калктуу пунктардын такталган 1:5000 масштабтагы схемалык картасын даярдоо үчүн суралган 28000 (жыйырма сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровага жана Бюджет жана экономика туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү”Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |