Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июлу № 394
Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 «Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана ɵткɵрγγ жɵнγндɵ» токтомуна ɵзгɵртγγлɵрдγ жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кезектеги айыл чарба каттоосун сапаттуу ɵткɵрγγ максатында, Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба каттоосу жɵнγндɵ» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын θкмɵтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республиксынын θкмɵтγнγн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 «Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана ɵткɵрγγ жɵнγндɵ» токтомуна тɵмɵнкγ ɵзгɵртγγлɵр жана толуктолор киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы «2014» деген цифралар «2016» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 1-пунктунда;
- биринчи абзацындагы «2014-жылдын 15-ноябрынан баштап 15-декабрына чейин» деген сɵздɵр жана цифралар «2016-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин» чейин деген сɵздɵргɵ жана цифраларга алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы «2014-жылдын 15-ноябрынан баштап 15-декабрына чийин» деген сɵздɵр жана цифралар «2016-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин» деген сɵздɵргɵ жана цифраларга алмаштырылсын;
- 2-пункттун экинчи абзацындагы «2014» деген цифралар «2016» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 3-пункттагы «2013», «2014-2015» деген цифралар «2015», «2016-2017» деген цифраларга алмаштырылсын;
- тɵмɵнкγдɵй мазмундагы 32 - пункт толукталсын;
«32. Кыргыз Республикасында 2016-жылдагы айыл чарба каттоосунун персоналынын ишинин узактыгы жана берилγγчγ тɵлɵмдɵрдγн ɵлчɵмγ ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык белгиленсин».
- 4-пункт тɵмɵнкγдɵй редакцияда баяндалсын:
«4. Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн облустардагы ыйгарым укуктуу ɵкγлдɵрγ, жергиликтγγ мамлекеттик администрациялар жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда:
- айыл чарба каттоосуна өз убагында даярдануучу жана өткөрүүнү, квалификациялуу кадрларды тандоону, калк ичинде каттоонун максаттары жана милдеттери жөнүндө массалык түшүндүрүү иштерин уюштурууну камсыздашсын;
- мамлекеттик статистиканын аймактык органдары менен макулдашып, айыл чарба коттосун даярдоого жана ɵткɵрγγгɵ тартылган каттоо персоналынын курамын бекитишсин;
- 2015-жылдын 31-декабрына чейин калктуу конуштардын 1:5000 масштабындагы такталган схемалык пландарын жана райондордун карталарын жергиликтγγ бюджеттердин каражжаттарынын эсебинен тγзγшсγн жана мамлекеттик статистика органдарын алар менен 3 нускада камсыздашсын;
- айыл чарба каттоосун даярдоо, ɵткɵрγγ жана каттоонун материалдарын тапшыруу мезгилинде каттоо бɵлγмдɵрγнɵ жана нускоочулук участокторго мамлекеттик статистиканын аймактык органдары менен макулдашып, эмерек, шаймандар жана телефондук байланыш менен жабдылган кайтарылуучу жайларды жана автотранспорт бөлүп беришсин;
- тɵмɵнкγдɵй мазмундагы 41-44- пункттар менен толукталсын:
«41. Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнɵ караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жергиликтγγ мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарына калктуу конуштардын 1:5000 масштабдагы такталган схемалык пландарын жана райондордун карталарын даярдоо жана нускалоо γчγн келишим тγзγγдɵ жардам кɵрсɵтсγн.
«42. Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлиги:
- жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарына айыл чарба коттоосун уюшкандыкта ɵткɵрγγгɵ жардам кɵрсɵтγγнγ камсыздашсын;
- айыл чарба каттоосун ɵткɵрγγгɵ тартылган адамдардын коопсуздугун жана каттоо материалдарынын сакталышын камсыздашсын;
- айыл чарба каттоосунун материалдарын ташуу учурунда автотранспортту коштоого жардамдашсын;
«43. Жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик статистиканын аймактык органдары берген сарптоо сметаларына жана эсептɵɵлɵргɵ ылайык 2015-2017-жылдарга карата жергиликтγγ бюджетке айыл чарбалык каттоого кɵрγлγүчγ даярдыкты жана аны ɵткɵрγγнγ камсыздоочу иш-чараларды каржылоого максаттуу каражат бөлүүнү караштыруу сунушталсын.
«44. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берγү корпорациясы, Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтγγ – ЭЛТР» телерадиокомпаниясы, «Эркин – Тоо» гезитинин редакциясы жана «Слово Кыргызстана», «Кыргыз – Туусу» басма γйлɵрγ айыл чарба каттоосуна болгон даярдыктын жана аны ɵткɵрγнγн жүрүшүн кеңири чагылдырышсын, атайын рубрикаларды чыгарышсын жана республиканын статистика органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн облустардагы ыйгарым укуктуу ɵкγлдɵрγ жана жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарынын ɵкγлдɵрγ катышкан берγγлɵрдγ туруктуу негизде даярдоону камсыздашсын.
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин аталышындагы:
- «2014-жылдын 15-октябрынан баштап 15-ноябрына чейин» деген сɵздɵр жана цифралар «2016-жылдын 1-октябрынан 30-октябрына чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттеги «тизмеси» деген сɵз «тизмеги» деген сɵзгɵ алмаштырылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелγγ чараларды көрүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган кγндɵн тартып кγчγнɵ киирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Θкмɵтγнγн 2014-жылдын 16-июлундагы №394 токтомуна тиркеме |
3-тиркеме
№ | Персоналдын аталышы | 1 (бир) кызматкердин ишинин узактыгы (кγндɵр) | Бир кγндγк акысынын ɵлчɵмγ, киреше салыгы жана Соцфондго чегерγγсγ менен кошо (сом) |
1 | Каттоочу | 39 | 250 |
2 | Нускоочу-текшерγγчγ | 53 | 250 |
| Каттоо бɵлγмγнγн координатору | 86 | 300 |
| Каттоочу | 22 | 250 |
| Каттоо документтерин кабыл алуучу адис | 60 | 250 |
| Каттоо маалыматтарын иштеп чыгуучу адис | 110 | 250 |
Эскертγγ:
Тɵлɵмдɵрдγн ɵлчɵмγ Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетγγгɵ кыйын болгон алыскы чɵлкɵмдɵрγндɵ жашаган жана иштеген адамдардын эмгек акыларына кошумча акылардын жана γстɵктɵрдγн райондук коэффициенттери эсепке алынбастан белгиленди.