Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-декабры № 854
Кыргыз Республикасында 2018-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 489, 2014-жылдын 16-июлундагы № 394, 2017-жылдын 10-январы № 11 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Айыл чарба каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги айыл чарба каттоосу 2018-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин, бир мезгилде малды жана үй канаттууларын эсепке алуу, ошондой эле тегиз камтуу менен өсүмдүк өстүрүү тармагын эсепке алуу менен өткөрүлсүн.
Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн республиканын алыскы зоналарында айыл чарба каттоосу 2018-жылдын 1-октябрынан 30-октябрына чейинки мезгилде өткөрүлө тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен бирдикте 2018-жылы боло турган айыл чарба каттоосунун эсепке алуу формулярларын иштеп чыгуу жана бекитүү максатында улуттук муктаждыктарды эске алуу менен көрсөткүчтөрдүн тизмесин аныктоо;
(КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык)
- айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү, анын натыйжаларын иштеп чыгуу жана таркатуу менен байланышкан чыгымдарды жабуу максатында тышкы жана ички финансы каражаттарын тартуу боюнча ишти кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун жана эл аралык донорлордун көмөгү менен жүргүзүү;
- айыл чарба каттоосун даярдоону, өткөрүүнү, методологиялык камсыз кылууну, натыйжаларын иштеп чыгууну, аналитикалык жалпылоону жана жарыялоону жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 токтомуна ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун даярдоодо тартылган донордук каражаттарды эсепке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берген финансылык эсептөөлөргө ылайык, кошумча кызматкерлерди кармоого каражаттарды бөлүүнү кошкондо, айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү, жыйынтыктарын иштеп чыгуу, жалпылоо жана жарыялоо үчүн финансы каражаттарын бөлүүнү карасын.
(КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык)
3-1. (КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык күчүн жоготту)
32. Кыргыз Республикасында 2018-жылдагы айыл чарба каттоосунун персоналынын ишинин узактыгы жана берилγγчγ тɵлɵмдɵрдγн ɵлчɵмγ ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 489, 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн облустардагы ыйгарым укуктуу ɵкγлдɵрγ, жергиликтγγ мамлекеттик администрациялар жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда:
- айыл чарба каттоосуна өз убагында даярдануучу жана өткөрүүнү, квалификациялуу кадрларды тандоону, калк ичинде каттоонун максаттары жана милдеттери жөнүндө массалык түшүндүрүү иштерин уюштурууну камсыздашсын;
- мамлекеттик статистиканын аймактык органдары менен макулдашып, айыл чарба коттосун даярдоого жана ɵткɵрγγгɵ тартылган каттоо персоналынын курамын бекитишсин;
- 2017-жылдын 31-декабрына чейин калктуу конуштардын 1:5000 масштабындагы такталган схемалык пландарын жана райондордун карталарын жергиликтγγ бюджеттердин каражжаттарынын эсебинен тγзγшсγн жана мамлекеттик статистика органдарын алар менен 2 нускада камсыздашсын;
- айыл чарба каттоосун даярдоо, ɵткɵрγγ жана каттоонун материалдарын тапшыруу мезгилинде каттоо бɵлγмдɵрγнɵ жана нускоочулук участокторго мамлекеттик статистиканын аймактык органдары менен макулдашып, эмерек, шаймандар жана телефондук байланыш менен жабдылган кайтарылуучу жайларды жана автотранспорт бөлүп беришсин.
(КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык)
41. Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнɵ караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жергиликтγγ мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарына калктуу конуштардын 1:5000 масштабдагы такталган схемалык пландарын жана райондордун карталарын даярдоо жана нускалоо γчγн келишим тγзγγдɵ жардам кɵрсɵтсγн.
42. Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлиги:
- жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарына айыл чарба коттоосун уюшкандыкта ɵткɵрγγгɵ жардам кɵрсɵтγγнγ камсыздашсын;
- айыл чарба каттоосун ɵткɵрγγгɵ тартылган адамдардын коопсуздугун жана каттоо материалдарынын сакталышын камсыздашсын;
- айыл чарба каттоосунун материалдарын ташуу учурунда автотранспортту коштоого жардамдашсын;
43. Жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик статистиканын аймактык органдары берген сарптоо сметаларына жана эсептɵɵлɵргɵ ылайык 2017-2019-жылдарга карата жергиликтγγ бюджетке айыл чарбалык каттоого кɵрγлγүчγ даярдыкты жана аны ɵткɵрγγнγ камсыздоочу иш-чараларды каржылоого максаттуу каражат бөлүүнү караштыруу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык)
44. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берγү корпорациясы, Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтγγ – ЭЛТР» телерадиокомпаниясы, «Эркин – Тоо» гезитинин редакциясы жана «Слово Кыргызстана», «Кыргыз – Туусу» басма γйлɵрγ айыл чарба каттоосуна болгон даярдыктын жана аны ɵткɵрγнγн жүрүшүн кеңири чагылдырышсын, атайын рубрикаларды чыгарышсын жана республиканын статистика органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн облустардагы ыйгарым укуктуу ɵкγлдɵрγ жана жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарынын ɵкγлдɵрγ катышкан берγγлɵрдγ туруктуу негизде даярдоону камсыздашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 токтомуна ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
1-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394, 2017-жылдын 10-январы № 11 токтомдоруна ылайык)
┌─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┐
│ Облустар, │ Айылдык аймактар │ Калктуу конуштар │
│ райондор │ │ │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Баткен облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Кадамжай │Майдан │Кароол │
│ ├─────────────────────────┼─────────────────────────┤
│ │Көтөрмө │Кара-Шоро │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Жалал-Абад облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Ала-Бука │Көк-Серек │Бирлешкен, Сары-Кол, │
│ │ │Төлөкө │
│ │Көк-Таш │Көк-Таш, Чоң-Сай │
│Аксы │Ак-Жол │Кызыл-Бейит │
│Сузак │Кызыл-Туу │Кара-Көл │
│Тогуз-Торо │Бардык айылдык аймактар │Бардык калктуу конуштар │
│Токтогул │Сары-Камыш │Бардык калктуу конуштар │
│Чаткал │Аралбаев │Бардык калктуу конуштар │
│ │Бардык айылдык аймактар │Бардык калктуу конуштар │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Ысык-Көл облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Ак-Суу │Эңилчек │Бардык калктуу конуштар │
│ │Жыргалаң │Бардык калктуу конуштар │
│Жети-Өгүз │Ак-Шыйрак │Бардык калктуу конуштар │
│ │Барскоон │Каракол │
│Тоң │Күн-Чыгыш │Арчалы │
│ │Улакол │Туура-Суу │
│Түп │Сан-Таш │Бардык калктуу конуштар │
│ │Карасаев │Бардык калктуу конуштар │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Нарын облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Ат-Башы │Бардык айылдык аймактар │Бардык калктуу конуштар │
│Жумгал │Миң-Куш │Миң-Куш, Кызыл-Сөөк │
│ │Кабак │Кең-Суу, Котур-Суу, │
│ │ │Табылгы │
│Нарын │Орток │Өрүк-Там, │
│ │ │Эки-Нарын │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Ош облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Алай │Сары-Таш │Бардык калктуу конуштар │
│ │Талды-Суу │Бардык калктуу конуштар │
│Араван │Алля Анаров │Кара-Булак │
│ │Керме-Тоо │Кичик-Алай, Күндөлүк, │
│ │ │Майдан-Тал, Миң-Теке, │
│ │ │Сары-Булак, Чөгөм │
│Кара-Кулжа │Алайкуу │Бардык калктуу конуштар │
│ │Кызыл-Жар │Бардык калктуу конуштар │
│ │Ой-Тал │Бардык калктуу конуштар │
│ │Чалма │Бардык калктуу конуштар │
│Ноокат │Исанов │Кичи-Алай │
│Чоң-Алай │Бардык айылдык аймактар │Бардык калктуу конуштар │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Чүй облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Жайыл │Суусамыр │Бардык калктуу конуштар │
└─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┘
2-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 ылайык күчүн жоготту)
3-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394, 2017-жылдын 10-январы № 11 токтомуна ылайык)
№ | Персоналдын аталышы | 1 (бир) кызматкердин ишинин узактыгы (кγндɵр) | Бир кγндγк акысынын ɵлчɵмγ, киреше салыгы жана Соцфондго чегерγγсγ менен кошо (сом) |
1 | Каттоочу | 39 | 250 |
2 | Нускоочу-текшерγγчγ | 53 | 250 |
| Каттоо бɵлγмγнγн координатору | 86 | 300 |
| Каттоочу | 22 | 250 |
| Каттоо документтерин кабыл алуучу адис | 60 | 250 |
| Каттоо маалыматтарын иштеп чыгуучу адис | 110 | 250 |
Эскертγγ:
Тɵлɵмдɵрдγн ɵлчɵмγ Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетγγгɵ кыйын болгон алыскы чɵлкɵмдɵрγндɵ жашаган жана иштеген адамдардын эмгек акыларына кошумча акылардын жана γстɵктɵрдγн райондук коэффициенттери эсепке алынбастан белгиленди.