Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 18 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-марты № 76 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынынички иштер органдарын реформалоо Концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын  реформалоо,  алардынфинансылык,  материалдык-техникалык жана кадр потенциалын чыњдоо, жалпытаанылган принциптерге жана эларалык укуктук ченемдерге  ылайык  жаран-дардын укуктары менен эркиндиктерин, менчигин, коомдун жана мамлекеттинкызыкчылыктарын кылмыштуу кол салуудан ишенимдүү коргоону камсыз  кылуумаксатына токтом кылам:1. 2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын  ички  иштероргандарын реформалоонун тиркелген Концепциясы бекитилсин.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:- бул Жарлыкты жүзөгө ашыруу боюнча зарыл иш-чараларды көрсүн;- ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык жактан корго-лушун  күчөтүү маселесин кошуп алганда бул органдын системасын этап бо-юнча реформалоо үчүн мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу  ме-нен  жыл сайын кошумча финансылык жана башка материалдык-техникалык ре-сурстарды карасын;- ички  иштер органдарын реформалоо процессине финансылык жана ма-териалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүүгө  эларалык  уюмдардын  жанадонор-өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү тартсын.3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын  Президентинин  Администрациясынын  Коргоо жана коопсуздукиштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти                                         А.Акаев