Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-сентябры № 134
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы №13-7/11токтому, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 29-мартындагы №1-5/89-б буйругуна Кадамжай шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 170 буйругуна, шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык Кадамжай шаарынын административдик аймагындагы жалпы жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын белгилөө материалдарын карап, талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын жалпы жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын белгилөө материалдары бекитилсин.
2. Арпасай жана Жийделик участкалары Кадамжай шаары жана Орозбеков айыл өкмөтүнүн ортосундагы такталбаган участоктор болуп белгиленсин.
3. Арпасай жана Жийделик участокторун өткөрүп алуу үчүн Кадамжай шаарынын мэриясынын, Кадамжай шаардык кенешинин депутаттарынан жана тиешелүү мекеме-ишканалардын адистеринен турган комиссия курамы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
4. Арпасай жана Жийделик учатокторун өткөруп алуу боюнча мыйзамдуу чечимдер менен иш алып барылсын.
5. Ушул токтомдун 2,3,4 пунктарын эске алуу менен 2013-жылдын 27-ноябрындагы Орозбеков айыл өкмөтүнөн Кадамжай шаар аймагына кабыл алуу өткөрүп берүү актысына жана картасына өзгөртүү киргизилсин.
6. Орозбеков айыл өкмөтүнүн VI чакырылышынын № 185 токтомунун негизинде Анкурсай участогу Кадамжай шаарынын административдик аймагы болуп белгиленсин.
7. Кадамжай шаарынын административдик аймагына өзгөртүү болгон участокту карта материалдардын негизинде иштеп берүү жагы Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.
8. Ушул токтомду аткаруу жагы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевге милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер,курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Ураимов
|
Кадамжай шаардык кеңешинин
XXXIV сессиясынын
№ 134 токтомуна тиркеме
№ | Ф.А.А | Ээлеген кызматы | Эскертүү |
1 | Арыков Исламидин Утупиллаевич | Жер,курулуш комиссиясынгын төрагасы |
|
2 | Абдрахманов Шамшидин Мирпазылович | мүчөсү |
|
3 | Айтматов Толкунбек Авазович | мүчөсү |
|
4 | Аманов Азизбек Козубаевич | мүчөсү |
|
5 | Гапаров Нургазы Саттарович | мүчөсү |
|
6 | Нажимитдинов Акматали Нийматиллаевич | депутат |
|
7 | Ураимов Эркин Нусуратиллаевич | ш.к Төрагасы |
|
8 | Дастиров Кубаныч Айдаралиевич | депутат |
|
9 | Асанов Кубатбек | Мэриянын жер адиси |
|
10 | Искендеров Шавкатбек | ММД башчысы | Макулдугу менен |
11 | Жолдошбай уулу Эльдар | Гипрозем адиси |
|
12 | Ырысматов Кубаныч | Мамкаттоо адиси | Макулдугу менен |
13 | Абдрапов Султан | Шаар курулуш жана архитектура адиси | Макулдугу менен |
|
|
|
|
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы: А.Эшанкулова