Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму
2019-жылдын 23-апрели № XXII-4
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңещ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Ноокат шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-августундагы “2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү” программасынын алкагында Ноокат шаарында бирдиктүү жаштар саясатын ишке ашыруу максатында жобону бекитүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңещ жөнүндө жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет.)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын 2019-жылдын 23-апрелындагы кезексиз XXII сессиясынын №XXII-4 токтому менен бекитилген
Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын 2019-жылдын 23-апрелындагы кезексиз XXII сессиясынын №XIX-4 токтомуна тиркеме
1.Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы мамлекеттик жаштар саясатын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу структуралык түзүм болуп эсептелет.
2.Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамына, Ноокат шаардык мэриясынын уставына, ушул жобого жана башка нормативдик укуктук актыларга таянып иш жүргүзөт.
3.Кеңештин курамы Ноокат шаарынын мэринин буйругу менен бекитилет.
2. Кеңештин максаттары жана милдеттери
2.1. Кеңештин максаты:
- кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча Ноокат шаарындагы бирдиктүү саясатын ишке ашыруу.
2.1. Кеңештин милдеттери:
-Ноокат шаардык мэриясынын жаштар саясатын иштеп чыгуу боюнча чечимдерин талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча өз ара аракеттенүүлөрүн жакшыртуу;
-Ноокат шаарындагы жаштар саясатынын приоритеттүү багыттарын аныктоо;
-Ноокат шаардык мэриясынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын жаштар саясаты жаатындагы жергиликтүү долбоорлорун өркүндөтүү бөлүгүндө сунуштарды киргизүү.
3. Кеңештин функциялары
3.1.Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
-Ноокат шаарында бирдиктүү мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу маселелерин талкуулайт;
-жаштар саясаты жаатындагы долбоорлорду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылардын, максаттуу программалардын, концепциялардын долбоорлорун алдын ала тартибинде карайт жана талкуулайт;
-Ноокат шаарында жаштар саясатынын абалы, Ноокат шаарындык мэриясынын жаштар саясаты чөйрөсүндөгү иши жөнүндө Жергиликтү кенешке, туруктуу комиссияларга маалыматтарды жиберет, бул иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
- жаштар саясаты жаатындагы эл аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча аракеттенет, долбоорлорду даярдап өз алдынча сунуштайт.
4. Кеңештин укуктары
4.1Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
-КРнын мыйзамдарына каршы келбеген учурларда өз компетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алууга;
-белгиленген тартипте Кеңештин жыйналыштарын жана жумушчу жолугушууларын өткөрүүгө;
-Кеңештин ишине Ноокат шаарынын аймагындагы илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелеринин, уюмдарынын жана коомдук бирикмелердин адистерин белгиленген тартипте тартууга;
-жаштар чөйрөсүндө айрым маселелер боюнча Ноокат шаардык кенешинин чечимин талап кылуучу сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
-Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жаштардын атынан өзүнүн көз карашын билдирүүгө;
-Жылдын жыйынтыгы боюнча жана майрамдык даталарга (Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, Эл аралык студенттер күнү, Ата Мекенди коргоочулардын күнү, Эл аралык аялдар күнү ж.б.) карата мыкты жетишкендиктери, спорттук мелдештерде жогорку көрсөткүчтөрү жана маданий-массалык, коомдук иш чараларга активдүү катышкандыгы үчүн сыйлоо (стипендия, акчалай сыйлык, ардак грамота ж.б.) жөнүндө Ноокат шаардык мэриясына, Ноокат шаардык кенешине сунуш берүүгө.
5. Кеңештин курамы жана иштөө тартиби
5.1 Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кенеши- төрага, анын орун басары жана катчысы болуп, 14жаштан 35 жашка чейинки жети адамдан турат. Кенештин курамында гендердик баланс сакталат.
5.2 Кеңештин маалыматтык материалдары Кеңештин мүчөлөрүнө жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 3 жумуш күндөн кечиктирилбей берилет. Кеңештин жыйыны өтүүчү дата жана жер Кеңештин төрагасы же анын тапшырмасы боюнча төраганын орун басары тарабынан аныкталат.
5.3 Кеңештин жыйыны кварталына бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн. Кеңештин жыйыны эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укуктуу деп саналат.
5.4 Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, Кеңештин төрагасы жок учурда - Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
5.5 Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат, Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен, ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана Кеңештин төрагасы же Кеңештин төрагасынын орун басары кол коңт.
Кеңештин чечими кенештин мүчөлөрү үчүн аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укуктук акт жана Ноокат шаардык мэриясы, Ноокат шаардык кенешине сунуштама мүнөзгө ээ.
5.6. Кеңештин чечимдеринин аткарылышын Кеңештин төрагасынын орун басары контролдойт.
6. Кеңештин катчысынын милдеттери жана функциялары
6.1 Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча Кеңештин катчысы, кенештин мүчөлөрү тарабынан шайланат. Добуштар бирдей болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
6.2Катчынын милдеттери болуп Кеңештин максаттарына жана милдеттерине ылайык анын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо, Кеңештин жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү саналат.
6.3 Катчы төмөнкү функцияларды аткарат:
Кенештин жыйынына материалдарды даярдайт жана катышуучуларды чакырат, Кеңештин жыйынындарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт, жиберүүнү уюштурат, документтерди сактайт жана эсепке алат;
-Кеңештин чечимдеринин, бекитилген пландарынын жана программаларынын аткарылышына көмөк көрсөтөт, кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүн контролдойт;
-Кеңештин чечимдеринин материалдарын жана долбоорлорун ыкчам жана сапаттуу даярдоо үчүн тапшырмаларды аткарууда жумушчу топтордун жана комиссиялардын жетекчилерине көмөк көрсөтөт;
-Кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт;
-Кеңештин жетекчилигинин өзүнчө тапшырмаларын аткарат.
7. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
7.1.Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кенештин чечими менен Ноокат шаардык кеңеши тарабынан өзгөртүлөт