Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-апрели № 36/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБдын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 25-июнундагы № 82 “Коомдук алдын алуу борбору жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык түзүлгөн Жошолу айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБдын уставы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 27.10.2015-жылындагы №747 токтомуна ылайык түзүлгөн уставы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Коомдук алдын алуу борборунун иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо, мамлекеттик органдар, айыл өкмөтү жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде Уставдын негизинде уюштурулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин кенештин уюштуруу, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: .Боронов.
Тиркеме
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 27-октябры № 747
токтому менен
бекитилген
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставы
1. Жалпы жоболор
1.Жошолу айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КААБ) – Жошолу айыл айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштарында укук бузууларынын алдын алууну уюштурууга жана жарандардын биргеликте катышуу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.
Жошолу айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун толук аталышы:
2.- мамлекеттик тилде «Коомдук алдын алуу борбору», «коомдук бирикмеси».
3. КААБ өз ишин «Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүчү уюм.
5. Жошолу айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун дареги:
Ош облусу, Алай району, Жаңы-Турмуш айылы.
2. КААБдын максаттары жана милдеттери:
6. КААБдын максаты ЖОБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
7. КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы алдын алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө);
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адмдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);
- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).
8. КААБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенинүүнү уюштуруу;
- укуктук билимдерди пропагандалоо;
- жашы жете электерин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- тиешелүү айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү.
9. КААбдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КААБдын укуктары
10. КААБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КААБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖОБОлорго сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;
- зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КААБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;
- тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;
- мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КААБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди тузууго, ички жана чет өлкөлук инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлук уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
11. КААБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү Кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө,
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө,
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо талабы боюнча КААБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө,
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө,
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө,
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КААБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга,
- КААБдын кадыр баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.
4. КААБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
11. КААБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана жааматтык тартипте, жеке жана жааматтык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
12. Жошолу айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгек ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин, кондониумдардын төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КААБдын мүчөлөрү боло алышат.
13. КААБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
14. КААБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
15. КААБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КААБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
- КААБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- КААБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
- КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш чараларга катышууга.
16. КААБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- КААБдын Уставын сактоого;
- КААБдын ишине катышууга;
- КААБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
- КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
17. КААБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
- КААБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КААБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- КААБдын мүчөсү каза болгондо;
- КААБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
- КААБдын мүчөсү ишке деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
18. КААБдан чыгаруу төмөнү учурларда жүргүзүлөт:
- ушул Уставдын талаптарын бузганда;
- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шеек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
- КААБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5. КААБдын жетектөөчү органдары алар тарабынан каралчу маселелер
19. КААБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
20. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дон ашуун мүчөсү болгон учурда – 25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
21. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мулкун пайдалануу тартиби;
- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу ( уставда башкача белгиленбесе);
- башкаруу органдарын түзүү тартиби;
- иши жөнүндө жылдык отчету жана жылдык балансты бекитүү;
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- кайра уюштуруу жана жоюу;
- башка маселелер;
22. КААБ жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
23. КААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
24. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КААБдын кеңеши саналат, ал КААБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.
25. Кеңештин курамы ЖӨБдун аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.
26. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБдун аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондониумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КААБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.
27. Кеңештин чечими кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
28. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
- кеңештин иш-чараларын жана пландарын бекитүү;
- ЖӨБОнун жана КААБдын жалпы чогулушун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
- КААБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КААБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарына киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул уставга каршы келбеген башка маселелер.
29. Кеңеш коомдук иш башталышта иш алып барат. кеңешке кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
30. КААБдын кеңешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- КААБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда бирикмелерде КААБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;
- банктарда эсептерди ачуу жана КААБдын каражаттарын тескөө;
- КААБдын жалпы чогулушунун, кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
31. Кеңештин ишин уюштуруучулукту камсыздоону кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
32. Кеңештин чечими менен анын ишин артыкчылыктуу багыттары боюнча кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
33. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
34. Кеңештин жыйынын кеңештин торагасы, ал эми ал жок учурда кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
35. Кеңештин жыйыны эгерде, ага кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
36. Кеңештин чечими жыйынга катышкан кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана таризделет, ага кеңештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам кол коет.
37. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзгө ээ. кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммуникативдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толукттолорду киргизүү тартиби
38.КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КААБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
39.КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КААБдын мүчөлөрүнүн 2-3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
40.КААБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
41.Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КААБ өз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
42. Мыйзамдарды бузган учурда КААБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык-контролдоочу органы:
43. КААБдын финансылык жана чарбалык ишин КААБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия контролдойт.
44. КААБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын мүчөсү боло алышпайт.
45. Ревизиялык комиссия жалпы чогулушка отчет берет.
46. КААБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
КААБдын финансылык, чарбалык иши жана мүлкү
47. КААБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат:
- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- жеке жактардын демөөрчүлүгүнөн ;
- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган булактардан.
48. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүгө, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КААБга өткөрүп берүүгө укуктуу.
49. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
50. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери оздорунун ыйгарым укуктарынын чегинде КААБды материалдык жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.
Төрага | З.Боронов |