Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 8-8-4
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан кѳрсѳтүлүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 29-июлундагы катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан кѳрсѳтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жѳнүндѳгү” токтомунун негизинде, шаардык базалык реестрин түзүп бекитүү боюнча Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Т.Султанбаевтин маалыматын угуп, карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII-чакырылыштагы VIII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Т.Султанбаевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан кѳрсѳтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жѳнүндѳгү” токтомунун негизинде, түзүлгѳн шаардык базалык реестри №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңешинин орун басары (П.Ч.Ырысбаев) шаардык мэрияга (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |
| Тиркеме № 1 БЕКИТЕМИН Майлуу-Суу шаардык кеӊешинин 2019-жылдын VIII кезексиз сессиясынын №8-8-4 Токтому менен Тѳрага________Б.К.Барбиев
|
Майлуу-Суу шаардык Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын
тизмегинин реестри
№ | Муниципалдык кызматтарпдын аталышы | Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештин чечими(номуру, күнү)
| Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу органдардын аталышы | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер | Муниципалдык кызматты көрсөтүүнүн шарттары(акы төлөнүүчү,акысыз) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
| Майлуу-Суу шаарынын мэриясы |
| ||
1 | Шаардын аты өзгөргөндүгү жөнүндө тактама | Шаардык Кеӊеш | Майлуу-Суу шаарынын мэриясы | Майлуу-Суу шаарынын мэриясы | акысыз |
2 | Эмгек акы тууралуу тактама |
|
|
| акысыз |
3 | Альтернативдик кызмат өтөгөндүгү боюнча тактама |
|
|
| акысыз |
4 | Кызматкердин Иштеп жаткандыгы анык экендиги боюнча тактама |
|
|
| акысыз |
|
| Көк-Таш жана Сары-Бээ аймактык башкармалыктары |
| ||
5 | Жашагандыгы тууралуу тактама | Шаардык Кеӊеш | Майлуу-Суу шаарынын мэриясы | Көк-Таш, Сары-Бээ АБ | акысыз |
6 | Чарба китебинен көчүрмө |
|
| Көк-Таш, Сары-Бээ АБ | акысыз |
7 | Форма Ф-50 боюнча тактама |
|
| Көк-Таш, Сары-Бээ АБ | акысыз |
8 | Чарба китебинен канча мал-жандыктары бар экендиги боюнча тактама |
|
| Көк-Таш, Сары-Бээ АБ | акысыз |
|
| Муниципалдык менчик башкармалыгы |
| ||
8 | Эмгек акы тууралуу тактама | Шаардык Кеӊеш | Майлуу-Суу шаарынын мэриясы | ММБ | акысыз |
9 | Кызматкердин Иштеп жаткандыгы анык экендиги боюнча тактама |
|
| ММБ | акысыз |
10 | Жерге же турак жайга аренда төлөгөндүгү анык экендиги тууралуу тактама |
|
| ММБ | акысыз |
|
| Шаардык жаштар иштери жана спорт башкармалыгы |
| ||
11 | Айлык акы боюнча тактама | Шаардык Кеӊеш | Госагенства | Шаардык спорт зал | Акысыз |
12 | Иштегендиги тууралу тактама |
|
|
| Акысыз |
13
| Спорттук разряд (I, II, III) |
|
|
| Акысыз |
14 | Спорт чебери деген наамдары тууралуу тактама |
|
|
| Акысыз |
|
|
|
|
|
|
|
| “Горжилзеленстрой” мекемеси |
| ||
15 | Жашагандыгы тууралуу тактама | Шаардык Кеӊеш | Майлуу-Суу шаарынын мэриясы | ГЖЗС мекемеси | акысыз |
16 | Чарба китебинен көчүрмө |
|
| ГЖЗС мекемеси | акысыз |
17 | Форма Ф-50 боюнча тактама |
|
| ГЖЗС мекемеси | акысыз |
18 | Айлык акы боюнча тактама |
|
| ГЖЗС мекемеси | акысыз |
19 | Иштегендиги тууралу тактама |
|
| ГЖЗС мекемеси | акысыз |
Аппарат жетекчи Р.Т.Султанбаев