Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 6-ноябры ПЖ № 225
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, комиссиянын төрагасы; |
Сманбаева Жылдыз Аскарбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Алтынбеков Айбек | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Молдобекова Гулкан Сакиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шеримбекова Толгонай Кемелкановна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун жетектөөчү адиси; |
Абдраимов Алымбек Мекенович | - | "Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзу" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Макашов Султан | - | "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлөрүнүн улуттук бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын башкы директору - көркөм жетекчиси; |
Шкурпела Константин Алексеевич | - | "Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Нышанов Анарбай | - | "Кыргызалтын" жабык акционердик коомунун 5-разряддагы зергер-монтировщиги (макулдашуу боюнча); |
Шафир Леонид Александрович | - | геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча). |