Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 16-ноябры ПЖ № 271
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө
(КР Президентинин 2018-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 225 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин бирдиктүү үлгүсүн белгилөө үчүн сунуштарды иштеп чыгуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - Конкурстук комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Конкурстук комиссия тандоонун жыйынтыгы боюнча, бирок үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн бекитүүнү караган актынын долбоорун киргизсин.
4. Конкурстук комиссиянын ишин материалдык-техникалык жагынан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, комиссиянын төрагасы; |
Сманбаева Жылдыз Аскарбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Алтынбеков Айбек | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Молдобекова Гулкан Сакиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шеримбекова Толгонай Кемелкановна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун жетектөөчү адиси; |
Абдраимов Алымбек Мекенович | - | "Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзу" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Макашов Султан | - | "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлөрүнүн улуттук бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын башкы директору - көркөм жетекчиси; |
Шкурпела Константин Алексеевич | - | "Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Нышанов Анарбай | - | "Кыргызалтын" жабык акционердик коомунун 5-разряддагы зергер-монтировщиги (макулдашуу боюнча); |
Шафир Леонид Александрович | - | геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча). |