Редакцияот 15.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 15-марты ПЖ № 40

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоого байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын резервдик фонду жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын резервдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-сентябрындагы Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 19-мартындагы N 20 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков