ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2019-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 40 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция15.03.2019 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 15-марты ПЖ № 40

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоого байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын резервдик фонду жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын резервдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-сентябрындагы Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 19-мартындагы N 20 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков