Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 174
Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 22-майы ПЖ № 69
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-февралындагы ПЖ № 11 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-февралындагы ПЖ № 11 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны дайындоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "дайындоо", "студенттерине" деген сөздөр тиешелүү түрдө "ыйгаруу", "студенттерине (курсанттарына)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттагы "тиркемеге" деген сөздөр "1-тиркемеге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча" деген сөздөр "жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык 2-тиркеме менен толукталсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны дайындоо жөнүндө жободо:
жогорку оң бурчундагы "Тиркеме" деген сөз "1-тиркеме" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобо";
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандык түрдөгү "дайындоо", "студент" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык түрдөгү "ыйгаруу", "студент (курсант)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункттагы "шыктуу жаштарга" деген сөздөр "мыкты окуусун изилдөөчүлүк иш жана активдүү коомдук иш менен ийгиликтүү айкалыштырып айырмаланган студенттерге (курсанттарга)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-глава төмөнкү мазмундагы 21 – 22-пункттар менен толукталсын:
"21. Президенттик стипендия ачык конкурстун негизинде ыйгарылат жана жалпы белгиленген стипендиялардан тышкары төлөнөт. Стипендия жеке болуп саналат, бир окуу жылына (10 айга) белгиленет жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорундагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) бир жолу төлөнөт.
22. Стипендиянын өлчөмү Билим берүү маселелери боюнча комиссия тарабынан белгиленет.";
3-пункттагы "4-курста" деген сөздөр "3-4-курстарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктта:
1-пунктчадагы "75" деген цифралар "90" деген цифралар менен алмаштырылсын;
4-5-пунктчалардагы "бир жылдын ичинде" деген сөздөр "эки жылдын ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы 6-7-пунктчалар менен толукталсын:
"6) студенттин (курсанттын) мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин бирин билүүсү;
7) студенттин (курсанттын) билим берүү мекемелеринин коомдук, маданий жана спорттук турмушуна активдүү катышуусу.";
5-пункттагы "2-5-пунктчаларында" деген сөздөр "2-7-пунктчаларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
"61. Стипендия бир адамга бир жолудан ашык ыйгарылышы мүмкүн эмес.";
3-главада:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Стипендияны ыйгаруу";
8-пункттун биринчи абзацындагы ", мында ЖОЖдун окумуштуулар кеңешинин чечими, ар бир талапкердин резюмеси, талапкердин өзү жөнүндө эссеси, студенттин жетишүүсүн, анын жетишкендиктерин, сыйлыктарын, жарыялоолорун жана башкаларды ырастаган документтер тиркелет" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 81 – 85-пункттар менен толукталсын:
"81. Стипендияны алууга талапкерлердин тизмесине ЖОЖдор ар бир талапкер боюнча төмөнкү документтерди тиркеши керек:
1) талапкердин жетишкендиктерин мүнөздөгөн ЖОЖдун жүйөлүү өтүнүчү;
2) стипендияны алууга студентти (курсантты) көрсөтүү жөнүндө ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинин жыйналышынын протоколунан кеңештин төрагасынын жана окумуштуу катчысынын койгон колу менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) мыкты академиялык жетишкендигин тастыктаган акыркы эки окуу жылы үчүн зачеттук китепчесинин көчүрмөсү;
4) талапкердин конференцияларда, олимпиадаларда жана конкурстарда жетишкендиктерин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү, анын ичинде:
- талапкер (жеке же тең авторлош болуп) жарыялаган илимий иштеринин (ушундай иштери болсо) тизмеси;
- илимий конференцияларда, симпозиумдарда чыгып сүйлөгөн темаларынын тизмеси, алардын өткөрүлгөн жери жана убактысы көрсөтүлөт (ушундай иштер болсо);
5) илимий-изилдөөчүлүк иште, чыгармачылык жана спорттук мелдештерде (ушундай иштер болсо) талапкердин ийгиликтерин тастыктаган башка документтер;
6) инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү.
82. Конкурска берилген документтер ЖОЖдун мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Бардык тиркелген документтери бар өтүнүч бир нускада, номерленип, көктөлүп жана ЖОЖдун мөөрү менен күбөлөндүрүлүп берилет.
83. Төмөнкүдөй өтүнмөлөр каралбайт жана конкурска катышууга жол берилбейт:
1) электрондук почта боюнча же факсимилдик байланышты колдонуу менен жөнөтүлгөндөр;
2) конкурстун шарттарына ылайык келбегендер;
3) тариздөө эрежелерин бузуу менен берилгендер;
4) документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшкөндөр.
84. Билим берүү маселелери боюнча комиссия тарабынан өтүнмөлөрдү четке кагуу жүйөлөрү билдирилбейт.
85. Конкурска берилген материалдар кайтарылбайт.";
төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
"91. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт жана эки этаптан турат:
1) ЖОЖдор талапкерлерди стипендия ыйгаруу үчүн көрсөтөт (этап окуу жылы аяктагандан кийин жүргүзүлөт);
2) Билим берүү маселелери боюнча комиссия ЖОЖдор көрсөткөн талапкерлердин арасынан мыктыларын тандайт (этап сентябрда өткөрүлөт).";
10-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын: "Талапкердин жетишкендиктерин баалоо баллдык система боюнча жүргүзүлөт (2-тиркеме). Стипендиялар кыйла жогору балл алган талапкерлерге ыйгарылат.";
экинчи абзац "майып балдар" деген сөздөн кийин ", бала кезинен майып балдар" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"131. Президенттик стипендияга ээ болгондорго "Президенттик стипендиат" деген сертификат тапшырылат.";
14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 28-майындагы № 43-44 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
| 1-тиркеме |
| "1-тиркеме |
Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кененбаев Алмаз Муканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы; |
Ташпаева Назгуль Аскеровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Тюмонбаев Шаазадан Акылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын жооптуу катчысы; |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Молдобекова Гулкан Сакиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Кайрат Олжобаевич | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.". |
| 2-тиркеме |
| "2-тиркеме |
Баалоо системасы
№ | Баалоо критерийлери | Баллдар |
1 | Жетишкендиги | 40ка чейин |
2 | Эл аралык же республикалык олимпиадалардын, конкурстардын, мелдештердин ж.б. байге ээси | 10го чейин |
3 | Изилдөөчүлүк иш (долбоор, презентация) | 10го чейин |
4 | Илимий эл аралык, республикалык же ведомстволук мезгилдүү басылмаларга жарыялоолор | 10го чейин |
5 | Студенттин (курсанттын) илимий-изилдөөчүлүк ишинин натыйжаларын башка жарыялоолору | 10го чейин |
6 | Тилдерди билүүсү | 10го чейин |
7 | Билим берүү мекемелеринин коомдук, маданий жана спорттук турмушуна активдүү катышуусу | 10го чейин |
| Жыйынтыгы: | 100 |
“.