Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 174
Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 27-июну ПЖ № 124
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Президентинин 2019-жылдын 22-майындагы ПЖ № 69, 2020-жылдын 1-февралындагы ПЖ № 11, 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Шыктуу жаштарды колдоо, алардын чыгармачыл эмгектерине жана демилгелерине баа берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Президентинин 2019-жылдын 22-майындагы ПЖ № 69 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 30-июнунда № 77 жарыяланды
Президент | А. Атамбаев |
2-тиркеме
Баалоо системасы
(КР Президентинин 2019-жылдын 22-майындагы ПЖ № 69 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
№ | Баалоо критерийлери | Баллдар |
1 | Жетишкендиги | 40ка чейин |
2 | Эл аралык же республикалык олимпиадалардын, конкурстардын, мелдештердин ж.б. байге ээси | 10го чейин |
3 | Изилдөөчүлүк иш (долбоор, презентация) | 10го чейин |
4 | Илимий эл аралык, республикалык же ведомстволук мезгилдүү басылмаларга жарыялоолор | 10го чейин |
5 | Студенттин (курсанттын) илимий-изилдөөчүлүк ишинин натыйжаларын башка жарыялоолору | 10го чейин |
6 | Тилдерди билүүсү | 10го чейин |
7 | Билим берүү мекемелеринин коомдук, маданий жана спорттук турмушуна активдүү катышуусу | 10го чейин |
| Жыйынтыгы: | 100 |