Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
КР Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2020-жылдын 1-февралы ПЖ № 11
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө жободо:
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Фонддун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмү жүргүзөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктта "жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 2-мартындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 26-июнундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 22-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 1-пункту.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-февралындагы № 12 жарыяланды
Президент |
| С. Жээнбеков |
Тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кененбаев Алмаз Муканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы; |
Ташпаева Назгуль Аскеровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Исаков Каныбек Абдуваситович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Юсупова Надия Рашидовна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын жооптуу катчысы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Молдобекова Гулкан Сакиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Кайрат Олжобаевич | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.". |