Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 13-майы ПЖ № 63
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |