Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 1-июлу ПЖ № 260
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын билим берүү жаиа саламаттыкты сактоо кызматкерлерин социалдык жактан камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо менен аныкталган билим берүү (жогорку окуу жайынын кызматкерлеринен тышкары) жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 2005-жылдын 1-июлунан баштап 15 процентке жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |