ЖарлыкКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 1-июлундагы № 260» Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө»жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2005-жылдын 1-июлу ПЖ № 260

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын билим берүү жаиа саламаттыкты сактоо кызматкерлерин социалдык жактан камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо менен аныкталган билим берүү (жогорку окуу жайынын кызматкерлеринен тышкары) жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 2005-жылдын 1-июлунан баштап 15 процентке жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

К.Бакиев