Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 4-февралы ПЖ № 17
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда чыгарылган жарлыктарын инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 18-мартындагы № 74 "Кыргызстандын үчүнчү миң жылдыкты салтанаттуу тосуп алышына даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Указы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 17-майындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 18-мартындагы "Кыргызстандын үчүнчү миң жылдыкты салтанаттуу тосуп алышына даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Указына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Указы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 27-августундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 18-мартындагы "Кыргызстандын үчүнчү миң жылдыкты салтанаттуу тосуп алышына даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү" Указына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Указы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 5-октябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасында административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү жөнүндө" Указы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 22-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасында Эл аралык тоо жылына даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн Улуттук программасы жөнүндө" Указы;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 26-майындагы № 130 "Кыргызстан калкынын үчүнчү Курултайын өткөрүү жөнүндө" Указы;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 9-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасы жөнүндө" Указы;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 30-майындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын 2001-2005-жылдары өркүндөтүүнүн Мамлекеттик программасы жөнүндө" Указы;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасы боюнча аймактык комиссиялар жөнүндө" Указы;
10) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 23-октябрындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Указы;
11) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-апрелиндеги № 135 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 50 жылдыгына арналган ишчараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы;
12) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 5-июнундагы № 193 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы;
13) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 29-октябрындагы № 370 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы;
14) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 8-ноябрындагы № 525 "1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 90 жылдыгын өткөрүү боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" Жарлыгы;
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 29-майындагы № 187 "Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясын кабыл алгандыгынын 60 жылдыгы жөнүндө" Жарлыгы;
16) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 53 "Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык маарекесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгы;
17) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-апрелиндеги № 104 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы "Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |