Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 293 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 11-февралы ПЖ № 34

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы № 253 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин курамында:

курамдан Боронов К.А., Пономарев С.В., Ажыкулов Т.Н. чыгарылсын;

курамга Асрандиев Эркин Шамшудинович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комитеттин төрагасынын орун басары, Пакыров Фархад Ганижанович - "Бизнес Ассоциация ЖИА" юридикалык жактардын бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча), Робин Орд-Смит - Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) (макулдашуу боюнча) киргизилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков