Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 12-февралы ПЖ № 36
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
IV бөлүмдүн "Административдик муниципалдык кызмат орундары" деген 6-главасында:
6.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6.4. Айыл өкмөтү, айылдык кеңеш
Категориялар | Айыл өкмөтү | Айылдык кеңеш |
Башкы кызмат орду | ||
Б-А | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
|
Б-Б | Жооптуу катчы | Жооптуу катчы(**) |
Улук кызмат орду | ||
У-А | Бөлүм, сектор башчысы |
|
У-Б | Башкы адис |
|
Кенже кызмат орду | ||
К-А | Жетектөөчү адис Староста(*) |
|
К-Б | Адис Инспектор |
|
";
эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"(**) - административдик муниципалдык кызмат орду учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча административдик-аймактык бирдиктин калкынын саны 6001 адамдан ашык болгон шартта каралат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |