ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2020-жылдын 12-февралындагы ПЖ № 36 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция12.02.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 12-февралы ПЖ № 36

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

IV бөлүмдүн "Административдик муниципалдык кызмат орундары" деген 6-главасында:

6.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6.4. Айыл өкмөтү, айылдык кеңеш

Категориялар

Айыл өкмөтү

Айылдык кеңеш

Башкы кызмат орду

Б-А

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

 

Б-Б

Жооптуу катчы

Жооптуу катчы(**)

Улук кызмат орду

У-А

Бөлүм, сектор башчысы

 

У-Б

Башкы адис

 

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Староста(*)

 

К-Б

Адис

Инспектор

 

";

эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"(**) - административдик муниципалдык кызмат орду учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча административдик-аймактык бирдиктин калкынын саны 6001 адамдан ашык болгон шартта каралат.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков