Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 174
Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 29-августу ПЖ № 168
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Президентинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 525 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 525 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.".
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-февралындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Жээнбеков |
Тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кененбаев Алмаз Муканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Исаков Каныбек Абдуваситович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Молдобекова Гулкан Сакиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Кайрат Олжобаевич | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Усубалиев Максат Абдыкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Юсупова Надия Рашидовна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын жооптуу катчысы.". |