Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 576 жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 28-августу ПЖ № 166
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 71 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме |
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Боронов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; |
Азыранкулов А.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары; |
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Молдобекова Г.С. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Маматканов У.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Шадыханов К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Солтонбекова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Амандыков М.Л. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Борбордук казыналыктын директору; |
Абдылдаева Г.О. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сырдыбаева А.А. | - | "Эр Теги" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов М.К. | - | "Апрель Баатырлары" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жоробекова Г.Б. | - | "Баатырларга Таазим" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Джузупов Э.К. | - | "Жаркын Элес" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исаков Ж.Б. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сатылганов Э.К. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Очокеев Т.К. | - | "Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Алымкулов А.Т. | - | "Айкөл Таза Коом" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Алиев З.Т. | - | "Апрель Баатырлар Биримдиги" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |