Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 525 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 14-декабры ПЖ № 57
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын курамында:
курамдан А.М.Кененбаев, К.А.Исаков, Н.Р.Юсупова чыгарылсын;
курамга Зулпиев Бектур Рысбаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасы; Бейшеналиев Алмазбек - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Досматов Камчыбек Султанмуратович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Комиссиянын жооптуу катчысы болуп киргизилсин;
"Усубалиев Максат Абдыкадырович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары" деген позициядагы "бөлүмүнүн башчысынын орун басары" деген сөздөр "бөлүмүнүн башчысы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |