Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 481 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 27-майы ПЖ № 229
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛЫНАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
— 3-пункттун он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
« — Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги;
— Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги;».
2. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |