Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 25-октябры ПЖ № 481
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына төмөкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-1-пункту төмөкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгынын 3, 4-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |