Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 408 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2021-жылдын 3-июну ПЖ № 249
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана мыйзамдык жөнгө салууга чейин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат орду түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары киргизилсин.
3. (КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 408 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 408 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |