ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2020-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 81 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 14-мартындагы «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция30.04.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2020-жылдын 30-апрели ПЖ № 81

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 14-мартындагы "1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык  токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 39 "1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы төмөнкүлөрдү уюштурсун жана өткөрсүн:

- өзүнчө план боюнча кошумча тиешелүү иш-чараларды;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" юбилейлик медалы менен 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды сыйлоону.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-майындагы № 35 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков