ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2021-жылдын 16-августундагы ПЖ № 345 «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» жарлыгы

Редакция16.08.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 16-августу ПЖ № 345

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын өркүндөтүү жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.  Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1)  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 161 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыгы;

2)  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 226 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу” Жарлыгы;

3)  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-майындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.

2.  Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Н. Жапаров