Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 7-июну ПЖ № 257
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмдүн "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
"Президенттин кеңешчиси;
Президенттин жардамчысы.";
- II бөлүмдүн "Административдик мамлекеттик кызмат орундары" деген 4-главасынын 4.11-пунктунда:
"Ж-А" категориясынын биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
"Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясы күчүн жоготту деп табылсын;
"Улук кызмат орду" тобунун "У-А" категориясынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басарынын жардамчысы".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 11-июнундагы № 69 (3248) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |