ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2021-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 257 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция07.06.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2021-жылдын 7-июну ПЖ № 257

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

- I бөлүмдүн "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:

"Президенттин кеңешчиси;

Президенттин жардамчысы.";

- II бөлүмдүн "Административдик мамлекеттик кызмат орундары" деген 4-главасынын 4.11-пунктунда:

"Ж-А" категориясынын биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

"Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясы күчүн жоготту деп табылсын;

"Улук кызмат орду" тобунун "У-А" категориясынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басарынын жардамчысы".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 11-июнундагы № 69 (3248) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров